Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 185-VII
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар,мамлекеттик түзүлүш,сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына киргизилсин.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1- пункттун 1- пунктчасында:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Абдалиев Мейкинбек Акимович - “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;”;
- он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Т.Мамытов |