ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 185-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

Редакция13.04.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 13-апрели № 185-VII

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар,мамлекеттик түзүлүш,сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына киргизилсин.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1- пункттун 1- пунктчасында:

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Абдалиев Мейкинбек Акимович - “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;”;

- он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

Т.Т.Мамытов