Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-апрель №189-VII
"Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII, 2022-жылдын 26-октябрындагы № 585-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
У.Б.Бакасов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.Э.Тентишев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.А.Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Э.Ж.Сурабалдиева - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
2. Комиссия 2022-жылдын 30-декабрына чейин жасалган иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII, 2022-жылдын 26-октябрындагы № 585-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Төраганын орун басары | У.Б. Примов |