Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-октябры № 585-VII
"Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2022-жылдын 30-декабрына чейин узартылсын.
2. "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктта "2022-жылдын 1-ноябрына чейин" деген сөздөр "2022-жылдын 30-декабрына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Төраганын орун басары |
Н.О.Сыдыгалиев |