Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-апрели № 217-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2022-жылдын майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна Ж.М.Кулубаевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
"2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
Төрага | Т.Т. Мамытов |