Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-апрели №220-VII
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 343-VII, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 735-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Элдик" депутаттык тобунун 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 14 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
2. Убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Э.Н.Сулайманов - "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
Ж.П.Нурбаев - "Элдик" депутаттык тобунан;
Р.Ш.Жакышов - "Ишеним" депутаттык фракциясынан;
М.Ж.Сыдыков - "Ынтымак" депутаттык фракциясынан;
Н.Я.Алимжанова - "Альянс" депутаттык фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясынан.
21. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Н.Сулайманов - Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Ж. Сыдыков төраганын орун басары болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 343-VII токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссия зарылчылык болгондо ушул маселе боюнча өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
5. Комиссия 2023-жылдын 30-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өз ишинин натыйжалары тууралуу маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 343-VII, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 735-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К.Исаева |