Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 343-VII
"Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Н.Сулайманов - Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Ж. Сыдыков төраганын орун басары болуп шайлансын.".
2. 5-пункттагы "2022-жылдын 15-июнуна" деген сөздөр "2022-жылдын 10-октябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |