Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-майы № 246-VII
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институту (мындан ары - Ботаникалык бак) Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин 1938-жылдын 13-мартындагы № 336 токтому менен 1938-жылы негизделген.
Бул - жергиликтүү флораны, аны дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнүн өсүмдүктөрүн интродукциялоо жолу менен байытууну изилдеп баштаган республикадагы биринчи илим-изилдөө мекемеси.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багына Кыргыз ССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор Гареев Энвер Закизьяновичтин ысымы ыйгарылган. Ботаникалык бак - Кыргызстандын дүйнөлүк жана табигый флорасынын өсүмдүктөрүнүн генетикалык ресурстарын интродукциялоо, селекциялоо, сактоо жана байытуу жаатындагы алдыңкы илимий мекеме, биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө жана сактоо боюнча негизги борборлордун бири, республиканын улуттук байлыгы.
Ботаникалык бакта "Өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана климатташтыруу", "Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн генофондун сактоо жана байытуу", "Кыргызстандын маданий жана табигый флорасынын өсүмдүктөрүн сактоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун илимий негиздери" көйгөйлөрү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт, ошондой эле экологиялык билим берүү жана маданий-агартуу иши жүзөгө ашырылат.
Ботаникалык бак аянты жана өсүмдүктөр коллекцияларынын курамы боюнча Борбор Азиядагы эң ири ботаникалык бактардын бири болуп саналат. Деңиз деңгээлинен 860-920 метр бийиктиктеги Чүй өрөөнүнүн тоо этегинде Бишкек шаарында жайгашкан.
Ботаникалык бактын жалпы аянты - 174,30 га (М.Горький көч., 135: дендрологиялык корук - 14,5 га; М.Горький көч., 212а: гүлдүү-декоративдик өсүмдүктөрдүн участогу жана фонддук оранжереясы - 5,5 га; И.Ахунбаев көч., 1а: түрдүк комплекстердин дендрарийи, коллекциялык жана гибриддик мөмө-жемиш багы, дары-дармек өсүмдүктөрүнүн участогу, репродукция питомниги, роза гүл бакчасы - 150 га; Нарын ш. филиалы - 4,30 га).
Ботаникалык бактын коллекцияларында жогорку өсүмдүктөрдүн 6500гө жакын таксону бар. Ботаникалык бак тропикалык жана субтропикалык өсүмдүктөрдүн оранжереясы бар республикадагы бирден бир мамлекеттик илимий мекеме болуп саналат.
Ботаникалык бак: BGCI (Botanic Gardens Conservation International, Kew, UK) - Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча ботаникалык бактардын эл аралык кеңешинин, Илимдер академияларынын эл аралык ассоциациясына (ИАЭА) караштуу КМШ өлкөлөрүнүн ботаникалык бактарынын кеңешинин, CABCN (Central Asia Biodiversity Conservation Network) - Борбор Азия өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан) жана Корея Республикасынын өсүмдүктөр ресурстарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жаатында кызматташуусунун, IABG (International Association of Botanic Gardens, Shanghai, China) - Ботаникалык бактардын Эл аралык Ассоциациясынын (Азия бөлүгү), IPEN (The International Plant Exchange Network) - Шпицбергендеги Дүйнөлүк үрөн сактагычтын - мүчөсү болуп саналат.
Дүйнөнүн 45 өлкөсүнүн 224 ботаникалык бактары жана арборетумдары менен уруктарды, калемчелерди жана жандуу өсүмдүктөрдү алмашуу аркылуу илимий байланыштарды жүргүзүп келет. 2006-жылдан бери өзүнүн, "Index Seminum Ботаникалык багы" жыл сайын жаңыланып туруучу электрондук версиясын жөнөтүп келет.
Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын тутумундагы илим-изилдөө институту болуп саналат жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси менен коргоого алынган.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Улуттук илимдер академиясына өткөрүлүп берилген негизги жана жүгүртүүдөгү фонддору жана башка мамлекеттик мүлкү алынып коюуга жана башка уюмдарга өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес.
Бирок коомчулукта Ботаникалык бакты Бишкек мэриясынын балансына өткөрүү маселеси тез-тез көтөрүлүүдө. Аны менен катар дайыма жетишсиз каржылоонун болгондугуна байланыштуу, азыркы учурда Ботаникалык бакта оор кырдаал түзүлдү.
Жаз-күз мезгилинин башталышы менен Ботаникалык бактын аймагында өрт кырсыгы көбөйүп, уурдоо, өспүрүмдөрдүн массалык мушташы, уурулук, адам өлүмү менен коштолгон фактылар катталууда. 2021-жылы 28 өрт кырсыгы болгон. Айлык маянасы 6198 сомду түзгөн илимий мекеменин күзөт кызматкерлери коопсуздукту камсыздай албай, бүт аймактын коопсуздугун камсыз кылууга күчү жетпей, көзөмөлгө ала албай жатышат. Ботаникалык бактын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн толук каржылоо, илимий кызматкерлердин, техникалык жана тейлөөчү персоналдардын санын көбөйтүү, алардын эмгек акысын жогорулатуу зарыл. Атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу, бактын аймагынын ирригациялык тармагын реконструкциялоону каржылоо, оранжереянын жылытуу тутумун, административдик жана лабораториялык корпустарды капиталдык оңдоодон өткөрүү, оранжереянын күнөсканалык жаңы комплексин куруу, Ботаникалык бактын аймагына акы төлөп кирүүнү уюштуруу жана башка көп маселелер дагы деле чечилбей келе жатат.
Ботаникалык бактын өзгөчө экологиялык, илимий жана эстетикалык маанисин эске алуу менен, аны сактоо жана андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы Улуттук илим-изилдөө институту" деген аталышты ыйгаруу менен илим-изилдөө институту мекемеси катары Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын статусун бекемдөө боюнча чараларды көрсүн;
- Ботаникалык бактын жерлерин ээликтен ажыратууга багытталган, ошондой эле анын ишине карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларга тыюу салсын;
- Ботаникалык бактын аймагын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү жөнүндө чечимдерин жокко чыгарсын жана тапшырмаларын кайра чакыртып алсын;
- Ботаникалык бактын бүткүл аймагын талаптагыдай кайтарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ботаникалык бактын аймагында видеобайкоо уюштурсун;
- Ботаникалык бак тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн калькуляциясын карасын жана бекитсин;
- "Атайын эсептерде топтолгон башка каражаттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233 токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Ботаникалык бактын аймагына акы төлөп кирүүнү уюштуруу тууралуу маселени чечсин;
- Ботаникалык бактын илимий кызматкерлеринин жана техникалык персоналынын штаттык санын жана алардын эмгек акысын көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
- Ботаникалык бактын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана ал үчүн атайын техниканы сатып алуу боюнча чараларды көрсүн;
- Ботаникалык бакты түз каржылоо (өзүнчө сапта) максатында бюджеттик мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Ботаникалык бакка ирригациялык тутумун калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн акча каражатын бөлсүн (Бишкек ш., Ахунбаев көч., 1 "а");
- Ботаникалык бактын жаңы оранжерея-күнөскана комплексинин (Бишкек ш., Горький көч., 212 "а") долбоордук-сметалык документтерин түзүүгө жана курууга каражат бөлсүн;
- Ботаникалык бакты өнүктүрүүнүн башкы планын ишке ашыруу боюнча долбоордук-сметалык документтерди түзүү үчүн каражат бөлсүн (Бишкек ш., Ахунбаев көч, 1 "а").
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги экономикалык жактан пайдалуу өзгөчөлүгү бар мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн селекциялык сортторун сатуу тууралуу маселени иштеп чыксын жана аларды республиканын дыйкандарына сунуш кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экология, жашылдандыруу жана инфратүзүмдү жакшыртуу бөлүгүндө Ботаникалык бак тарабынан сунушталган долбоорлорду эл аралык, ата мекендик инвесторлорду жана донорлорду тартуу менен ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Ботаникалык бакты окуу-өндүрүштүк, окуу-талаачылык тажрыйбаларын жүргүзүү үчүн, дипломдук, магистрдик илимий иштерди аткаруу үчүн база катары билим берүү программаларына киргизсин;
- туруктуу өнүгүү кызыкчылыктарында флоранын ар түрдүүлүгүн сактоо, экологиялык билим берүү боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү ЖОЖдорунда ботаникалык бактарды уюштуруу маселесин карасын.
5. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Ботаникалык бактын бардык лабораториялык жана административдик корпустарын Бишкек шаарынын борбордук жылуулук тармагына кошуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарын жашылдандыруу үчүн бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн жеткирүүгө Ботаникалык бак менен келишимдерди түзсүн;
- өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде Ботаникалык бак үчүн атайын техникаларды туруктуу бөлүп берүү маселесин карасын;
- Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жакшыртуу үчүн Ботаникалык бак тарабынан сунушталган долбоорлорду колдосун.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин аткарылышын катуу көзөмөлгө алсын;
- Ботаникалык бактын аймагын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү үчүн документтерди даярдоого тапшырма берген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды тиешелүү министрликтер менен биргеликте иштеп чыксын;
- Ботаникалык бактын аймагына акы төлөп кирүүнү уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизсин;
- Ботаникалык бакты максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрсүн;
- Ботаникалык бакты кошумча каржылоо үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды, гранттарды тапсын;
- Ботаникалык бактын 2023-жылга бюджетин анын муктаждыктарын жана өтүнмөлөрүн эске алуу менен көбөйтүү тууралуу сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институту:
- Ботаникалык бактын инфратүзүмүн сактоо, жакшыртуу жана өнүктүрүү, дарактардын жана бадалдардын уникалдуу, сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн, гүлдүү жана декоративдик, дары-дармек өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн коллекциялык фондун сактоо боюнча чараларды көрсүн;
- жандуу өсүмдүктөрдүн коллекциясын түзүү жана аларды илимий изилдөө, биоартүрдүүлүктү сактоо, көргөзмө жана билим берүү максаттарында пайдалануу боюнча илим-изилдөө иштерин жүргүзсүн;
- Ботаникалык бактын базасында Кыргызстандын ботаникалык бактарынын кеңешин түзсүн;
- туруктуу өнүктүрүү жана Өсүмдүктөрдү сактоонун глобалдык стратегиясы жаатындагы максаттарга жетүү үчүн улуттук, регионалдык жана эл аралык деңгээлдеги өнөктөштүк байланыштарды бекемдесин;
- Ботаникалык бакты өнүктүрүү үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды, инвесторлорду жана донорлорду тартуу үчүн ички резервдерди кеңейтсин жана пайдалансын;
- энчилүү көчөттөрдү отургузуу, энчилүү отургучтарды орнотуу боюнча ар кандай иш-чараларды, акцияларды уюштурсун жана өткөрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | У.Б. Примов |