Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
2022-жылдын 29-апрели № 233
Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун "з" пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттарды аныктоонун, чегерүүнүн жана чыгымдоонун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын эсебинен мамлекеттик органдардын бюджеттик ассигнованиелеринин көлөмүн 30 пайыздан ашык эмес азайтсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
1) 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "ж" жана "з" пунктчалары менен толукталсын:
"ж) бюджеттик кредиттерди жоюунун эсебине республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөр;
з) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттар.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"13-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттар атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын Тартибине жана Тизмегине ылайык чегерилет.".
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233 токтомуна) |
Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттарды аныктоонун, чегерүүнүн жана чыгымдоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип салыктык эмес кирешелердин эсебинен мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу башка каражаттарды аныктоонун, чегерүүнүн жана чыгымдоонун негизги принциптерин жана тартибин белгилейт.
2. Башка каражаттар болуп атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын тизмегинде (мындан ары - Тизмек) белгиленген өлчөмдөрдө каралган салыктык эмес кирешелер саналат.
Башка каражаттардын булактары катары жыйымдар, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше, алымдар, чегерүүлөр, акы төлөнүүчү иштер жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине кирбеген кызмат көрсөтүүлөр, администрациялык айыптар жана башка салыктык эмес кирешелер болушу мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобонун чыгымдоо тартиби боюнча ченемдери башка каражаттарга карата колдонулбайт.
2. Тизмекти түзүүнүн тартиби
4. Салыктык эмес кирешелердин булактарын Тизмекке киргизүүнүн негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) башка каражаттардын булагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган;
2) башка каражаттардын булагы бул ведомствого ресурстардын администраторлору боюнча бюджетке түшүүлөрдүн булактарынын реестринде (тизмегинде) бекитилген;
3) түшүүлөрдү көбөйтүүдө дем берүүчү фактордун болушу;
4) 30 пайыздан ашык эмес бюджеттик ассигнованиелерди алмаштыруу;
5) тең салмактуулук жана тилектештик, б.а. башка каражаттар катары каралган жыйымдардын, менчиктен түшкөн кирешелердин, айыптардын жана өндүрүп алуулардын бир бөлүгү атайын эсептерге чегерилүүдөн тышкары бюджеттин киреше бөлүгүндө топтолуучу эсепте чагылдырылууга тийиш.
5. Башка каражаттардын булактары эки категорияга бөлүнөт:
1) рыноктук эмес ишти жүзөгө ашыруучу мекемелердин башка каражаттарынын булактары, б.а. жыйымдар, алымдар, мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер, ведомстволук мекемелерден борбордук аппаратка чегерүүлөр, башка салыктык эмес кирешелер кирген тарифтик саясат аркылуу жөнгө салуучу функцияларды ишке ашыруу;
2) рыноктук ишти жүзөгө ашыруучу мекемелердин башка каражаттарынын булактары, б.а. рыноктук шарттарда жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү.
6. Тизмекти түзүү төмөнкү этаптардан турат:
1) башка каражаттардын булагын ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештигин аныктоо;
2) атайын эсепке чегерүү пайызын аныктоо;
3) казыналык системасындагы каражаттарды бөлүштүрүү;
4) чыгымдар беренелерин аныктоо;
5) отчеттуулук.
7. Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары -ыйгарым укуктуу орган) тарабынан иштелип чыгат.
Башка булактарды Тизмекке киргизүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон материалдар:
- салыктык эмес кирешелердин бул булагын аныктоочу ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен Тизмекке салыктык эмес кирешелердин тиешелүү булагын киргизүү зарылдыгы жөнүндө негиздеме;
- динамикада ар бир булак боюнча түшүүлөрдү эсептөөлөр.
3. Эсепке киргизүү тартиби
8. Рыноктук эмес ишти жүзөгө ашыруучу мекемелердин башка каражаттарынын булактары мекеменин атайын эсебине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда же жергиликтүү кеңештин чечиминде каралган эмгек акы төлөө фондунун 100 пайызынан ашык эмес өлчөмдө киргизилет.
Башка каражаттар катары салыктык эмес кирешелердин пайызынын үлүшү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
БК = ЭТФ / ∑СЭК Î 100,
мында:
БК - башка каражаттар, б.а. салыктык эмес кирешелерди пайыз менен бөлүштүрүү;
СЭК - салыктык эмес кирешенин булагы;
ЭТФ - эмгек акы төлөө фонду;
0 < ∑БК ≤ 100% (ЭТФ).
Жылдын жыйынтыгы боюнча атайын эсептеги кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсүнөн эмгек акы төлөө фондунун 100 пайызынан ашкан каражаттар бюджеттин кирешесине которулат.
Салыктык эмес кирешенин ар бир булагы өзүнчө каралат жана эсептөөдө бардык булактар эске алынат.
Рыноктук эмес ишти жүзөгө ашыруучу мекемелер өткөн жылга салыштырмалуу салыктык эмес кирешелердин булактарынын иш жүзүндөгү түшүүсүнүн 105 пайыздан кем эмеске өсүшүн камсыздоого тийиш.
3 финансылык жылдын ичинде натыйжа жана өсүш жок болсо, ыйгарым укуктуу орган Тизмектен чыгаруу жөнүндө маселени карайт.
9. Ведомстволук мекемелерден борбордук аппаратка чегерүүлөр ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылат жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркында чагылдырылбоого тийиш.
10. Рыноктук эмес ишти жүзөгө ашыруучу мекемелердин башка каражаттарынын булактары Тартипке ылайык андан ары мекеменин атайын эсебине бөлүү менен топтоо эсебине киргизилет.
11. Рыноктук ишти жүзөгө ашыруучу мекемелердин башка каражаттарынын булактары мекеменин атайын эсебине толук көлөмдө киргизилет.
4. Чыгымдоо тартиби
12. Чыгымдоолордун негизги критерийлери:
1) кызматкерлерди материалдык кызыктыруу;
2) чыгымдардын корголгон жана корголбогон беренелерин жабуу;
3) мекеменин ишинин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу;
4) материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү жана чыңдоо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган башка чыгымдар.
13. Рыноктук эмес ишти жүзөгө ашыруучу мекемелердин башка каражаттары атайын эсептин каражаттарынын кирешелеринин жана чыгымдарынын бекитилген сметасына ылайык пайдаланылат жана материалдык кызыктырууга, материалдык жардам көрсөтүүгө жана башка компенсациялык төлөмдөргө жумшалат, бирок эмгек акы төлөө фондунун каражаттарынын жалпы суммасынын 50 пайызынан кем эмес, 30 пайызынан ашык эмес, ошондой эле жылдын башына карата каражаттардын калдыктары милдеттүү жана күндөлүк чыгымдарды жабууга жумшалат, калган сумма мекеменин кароосу боюнча жумшалат.
Мекеме ар бир жылга башка каражаттардын эсебинен компенсациялык төлөмдөрдү бекитет.
Тизмекте каралган башка каражаттардын түшүүсүнүн төмөндөшү же токтошу бюджеттик ассигнованиенин эсебинен компенсацияланбайт.
Акы төлөнүүчү жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн башка каражаттарды чыгымдоо тарифтерди калькуляциялоого ылайык жүзөгө ашырылат.
14. Мекемелер тарабынан жылдын аягына карата атайын эсептеги башка каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат, мында рыноктук эмес ишти жүзөгө ашыруучу мекемелердин каражаттарынын калдыктары бюджеттик ассигнованиелердин ордун алмаштырууга жумшалат.
5. Эсеп жана отчеттуулук
15. Башка каражаттардын эсебин жана отчеттуулугун түзүү мыйзамдарга ылайык өзүнчө жүзөгө ашырылат.
Атайын эсептеги башка каражаттарды тескөөчү жана түзүү, пайдалануу үчүн жооптуу адам болуп мекеменин жетекчиси саналат.
16. Башка каражаттардын булактары бөлүштүрүүдө эсептерге карабастан, бюджеттик классификацияга ылайык салыктык эмес кирешелер катары чагылдырылат.
6. Контролдоо жана жоопкерчилик
17. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бюджеттик каражаттарды алууга укуктуу мекеме башка каражаттардын талаптагыдай түзүлүшү жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Ушул Тартипте белгиленген башка каражаттарды түзүү, чегерүү жана чыгымдоо, отчетун түзүү жана бекитүү аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын бузуу деп таанылат.
Башка каражаттарды түзүүдө жана пайдаланууда бузуулар аныкталган учурда мекеменин жетекчиси жана финансылык иш үчүн жооптуу кызматкер жеке жоопкерчилик тартышат.
Финансылык тартипти бузуу фактылары аныкталса ыйгарым укуктуу орган тиешелүү инстанцияларга тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу, анын ичинде анын күнөөсү боюнча финансылык тартипти бузууга жол берилген мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
Приложение 2 |
Атайын эсептерге топтолуучу башка каражаттардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Булактын аталыштары | Ведомствонун аталышы | Салыктык эмес кирешелердин түрү |
I бөлүм. Жыйымдар | |||
1 | Мамлекеттик каттоо үчүн жыйым | ЮМ | Жыйым |
2 | Апостиль коюу үчүн жыйым | ЮМ, ИИМ | Жыйым |
3 | Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар | ЖРЭТКМ, АЧМ караштуу Токой кызматы | Жыйым |
4 | Айлана-чөйрөнү булгоо үчүн жыйым | ЖРЭТКМ | Жыйым |
5 | Экологиялык зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөм | ЖРЭТКМ | Төлөм |
6 | Жөнгө салынуучу субъекттердин жылдык төлөмү | ЭМ караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент | Төлөм |
7 | Сынам жыйымы | ФМ караштуу Баалуу металлдар департаменти | Жыйым |
8 | Аткаруу жыйымы | СД | Жыйым |
II бөлүм. Менчиктен кирешелер | |||
1 | Мамлекеттик мүлктүн ижарасы | Мамлекеттик мекемелер | Мамлекеттик мүлктүн ижарасы |
III бөлүм. Чегерүүлөр | |||
1 | БИМдин ведомстволук мекемелеринен борбордук аппаратка чегерүүлөр | БИМ | БИМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
2 | АЧМдин ведомстволук мекемелеринен борбордук аппаратка чегерүүлөр | АЧМ | АЧМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
3 | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринен борбордук аппаратка чегерүүлөр | ӨКМ | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
4 | ФМдин ведомстволук мекемелеринен борбордук аппаратына чегерүүлөр | ФМ | ФМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
5 | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринен борбордук аппаратка чегерүүлөр | КРПИБ | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
6 | Маданият мекемелеринен борбордук аппаратка чегерүүлөр | ММСЖСМ | Маданияттын ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
7 | ЭМдин ведомстволук мекемелеринен борбордук аппаратка чегерүүлөр | ЭМ | ЭМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
8 | Соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулар | ЮМ караштуу ЖАК, ЮМ алдындагы Пробация департаменти |
|
IV бөлүм. Мамлекеттик алым | |||
1 | Мамлекеттик алым | ЮМ |
|
2 | Сертификаттарды жана башка документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым | ЖРЭТКМ |
|
V бөлүм. Акы төлөнүүчү жумуштардан каражаттардын түшкөнү | |||
1 | Илимий-изилдөө мекемелеринин келишимдик иштеринен түшүүлөр | Илимий мекемелер |
|
2 | Окуу жайларына өтүүдөгү төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
3 | Жатаканада жашагандыгы үчүн төлөм жана коммуналдык тейлөөнүн чыгымдарын жабуу | Билим берүү мекемелери, КМ, УКМКЧК, ММСЖСМ |
|
4 | Билим берүү мекемелеринде которуу жана калыбына келтирүү үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
5 | Билим берүү мекемелеринде тамактануу үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
6 | Себепсиз калтырылган сабактарды жана өндүрүштүк практиканы кайра иштеп берүү | Билим берүү мекемелери |
|
7 | Мамлекеттик ЖМК ишинен түшүүлөр | ММСЖСМ, КТРК, ЭлТР |
|
8 | Пансионаттардын, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн ишинен түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
9 | Пресс-конференцияларды өткөрүү | ММСЖСМ |
|
10 | Театрдык-оюн-зоок жана музейдик иш-чаралардан түшүүлөр | ММСЖСМ |
|
11 | Фильмдерди көрсөтүүдөн түшүүлөр | ММСЖСМ |
|
12 | Мейманкана тейлөөсүнөн түшүүлөр | КМ.МБК |
|
13 | Бюджеттик бош каражаттарды жайгаштыруудан пайыздар | ФМ |
|
14 | Иттерди багуудан, дрессировкадан жана кармоодон түшүүлөр | МБК |
|
15 | Токой жайгаштыруу жана токой пайдаланууну жүргүзүү боюнча иштен түшүүлөр | АЧМ караштуу Токой кызматы |
|
16 | Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр | ММРФ |
|
17 | Кепилдик берүү үчүн комиссия | ФКФ |
|
18 | Жайгаштырылган депозиттерден пайыздык киреше | ФКФ |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
СД | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы; |
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; |
УКМК ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы; |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы "ЭлТР"; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду; |
ФКФ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд. |