Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 375-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 346-VII
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1. В.К.Раимбачаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, төрага;
2. Ч.А.Султанбекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, тең төрага;
3. А.Исатбек кызы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4. А.А.Айдарова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5. Б.З.Түлөбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
6. А.А.Жоробеков - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
7. Ж.К.Дуйшеева - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
8. З.А.Аскарова - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;
9. Ж.И.Алыбаева - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
10. Г.С.Шейшекеева - "Укук борбору" коомдук фондунун директору;
11. Е.С.Заиченко - БУУнун (ЮНИСЕФ) балдар фондунун балдардын укуктарын коргоо боюнча программасынын координатору.".
2. 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Т.Мамытов |