Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 373-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 345-VII
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1. В.К.Раимбачаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, төрага;
2. Ч.А.Султанбекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, тең төрага;
3. А.Исатбек кызы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4. А.А.Айдарова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5. Б.З.Түлөбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
6. А.А.Жоробеков - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
7. Ж.К.Дуйшеева - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
8. З.А.Аскарова - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;
9. Ж.И.Алыбаева - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
10. Г.С.Шейшекеева - "Укук борбору" коомдук фондунун директору;
11. Е.С.Заиченко - БУУнун (ЮНИСЕФ) балдар фондунун балдардын укуктарын коргоо боюнча программасынын координатору.".
2. 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Т.Мамытов |