Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-июну № 373-VII
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси четке кагылды деп эсептелсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021- жылдын 20-октябрындагы № 4932- VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022- жылдын 16-июнундагы № 345-VII токтому.
Төрага | Т.Т.Мамытов |