Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-июну № 407-VII
"2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Атайын операциялар), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Жогорку технологиялар фонду) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 8-апрелиндеги № 192 токтом) "2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Атайын операциялар), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Жогорку технологиялар фонду) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага |
| Т.Мамытов |