Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8 апрели № 192
«2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү
банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуупу («Шаардык транспортту электрлештирүу» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү
банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85, 86-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
1) «2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) 2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
Гранттык макулдашууга («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү башкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүүрүү банкынын ортосудагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрештирүү» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын oртосундагы
Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Респубикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Шаардык транспорту электрлештирүү» долбоору) ратификациялоо жөнүндө
1- берене
2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам pacмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Kыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын «8» 04 № 192
токтому менен жактырылган
2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республпкасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга («Шаардык трапспортту) электрештерүү» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
Гранттык макулдашууга («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүруү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга («Шаардык транспортту электрештирүү» долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келет.
Макулдашуулар кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: 2021-жылдын 14-декабрында Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети; 2021-жылдын 20-декабрында Бюджет жана финансы комитети; 2021-жылдын 13-декабрында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-декабрындагы № 343-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууларда Азия өнүктүрүү банкы (мындан ары - АӨБ) тарабынан АӨБдүн капиталдык ресурстарынан 25 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредитти жана АӨБдүн атайын фондунун ресурстарынан 25,65 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грантты берүү каралууда. Кредит 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошуп алганда 32 жылга, жеңилдетилген мезгилдин ичинде жылына 1% жана калган мөөнөттүн ичинде жылына 1,5% өлчөмүндөгү пайыздык ставка менен берилет. Долбоордун жалпы наркы 59,55 млн. АКШ доллары өлчөмүндө бааланат, анын ичинен АӨБ 85% каржылайт.
Долбоордун алкагында төлөнүүгө тийиш болгон салыктык жана бажы алымдарынан бошотуу түрүндө мамлекет тарабынан берилүүчү тең каржылоо болжол менен 8,9 млн. АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорун ишке ашыруу каралган.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.