Загрузка документа…
ПОСТАНОВЛЕНИЕ ЖОГОРКУ КЕНЕША КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2022-жылдын 25-майы № 268-VII
Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө
Кыргыз элинин эр жүрөк уулу, Улуу Ата мекендик согуш жылдары баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларды жогорку улуттук деңгээлде өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 123-т тескемеси менен бекитилген 2022-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзсүн;
- уюштуруу комитетине, Чолпонбай Түлөбердиевдин өмүрү жана эрдиги жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында теле- жана радиоберүүлөрдү жана материалдарды жарыялоону уюштуруу боюнча иш-чараларды жана башка иш-чараларды камтыган, Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык юбилейине даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырсын;
- бир айлык мөөнөттө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо, ошондой эле демөөрчүлүк жардам тартуу маселелерин чечсин;
- уюштуруу комитети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, Талас областынын Кара-Буура районунун Чолпонбаев айыл аймагынын Чымгент айылындагы объекттерди оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырсын;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына юбилейди даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу комитетине көмөк көрсөтүүнү тапшырсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Торага | T.Т. Мамытов |