Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-майы № 270-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты В.К.Раимбачаеваны Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Раимбачаева Винера Калыбековна Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Раимбачаева Винера Калыбековна - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Т.Т. Мамытов |