Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-январы № 14-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 97-VII, 2022-жылдын 25-майындагы № 270-VII, 2022-жылдын 12-октябрындагы № 524-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 683-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкү депутаттар шайлансын:
Султанбекова Чолпон Аалыевна - "Ишеним" парламенттик фракциясынан, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына;
Примов Улан Бердибаевич - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына;
Кенжебаев Аманкан Батырбекович - № 24 Сокулук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагалыгына;
Раимбачаева Винера Калыбековна - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына;
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич - № 18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагалыгына;
Сыдыков Мурадил Жанышбекович - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагалыгына;
Төлөнов Данияр Эрмекович - № 10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына;
Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевич - "Ишеним" парламенттик фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагалыгына.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 97-VII, 2022-жылдын 25-майындагы № 270-VII, 2022-жылдын 12-октябрындагы № 524-VII , 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 683-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |