Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 329-VII
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 350-VII токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А.Козуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Ж.П.Нурбаев - "Элдик" депутаттык тобунан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
А.Исатбек кызы - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Г.С.Молдобекова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ш.К.Атазов - № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 350-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Төраганын орун басары | У.Б.Примов |