Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июну № 350-VII
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 329-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 329-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А.Козуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Ж.П.Нурбаев - "Элдик" депутаттык тобунан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
А.Исатбек кызы - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Г.С.Молдобекова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ш.К.Атазов - № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.".
Төрага | Т.Т. Мамытов |