Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 418-VII
"2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 7-июнундагы чыг. № 18-18280) "2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага |
Т.Т. Мамытов |