Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 477-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага |
Т.Т. Мамытов |