Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябры № 496-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай;
Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасына карата куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын келип чыгуу себептерин комплекстүү иликтөө жана чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча стратегия иштеп чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө;
"VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-2023-жылдарга сессиялык иш планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кумтөр Голд Компани" ЖАК тарабынан алтындын сатылышын, жалпы өндүрүлүшүн иликтөө жана анын Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин текшерүү максатындагы убактылуу депутаттык комиссиянын курамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык тобунун фонддору жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешевге социалдык кепилдиктер жана анын эмгек шарттарын өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 2-февралындагы № 142-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төраганын орун басары |
Н.О.Сыдыгалиев |