Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-октябры № 524-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Ж.Сыдыковду Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Мурадил Жанышбекович Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун жетинчи абзацындагы "Сыдыков Бактыбек Усенович - № 16 Ноокен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча" деген сөздөр "Сыдыков Мурадил Жанышбекович - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 6-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Н.Т.Шакиев |