Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-октябры № 531-VII
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.О.Сыдыгалиев, Ч.А.Айдарбеков, Д.Э.Толонов, Ф.А.Алимжанов, Ы.Ы.Атажанов, А.Т.Түмөнбаев, Ж.К.Акаев, У.Б.Примов, Ч.А.Султанбекова, Р.Ш.Жакышов, Ш.К.Атазов, Ш.К.Ташиев, Ж.Таалайбек кызы, Г.О.Култаева, Н.Т.Шакиев, А.Т.Маткеримов, Б.З.Түлөбаев, А.Ж.Осмонов, Ж.Э.Садырбаева, Э.Н.Сулайманов, Ч.И.Ажибаев, У.Б.Бакасов, А.Т.Эрбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары |
Н.О.Сыдыгалиев |