Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-сентябры № 459-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелер бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 1996-VI.
3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Төрага |
Т.Т. Мамытов
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркеме | |
|
| ||
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы МАСЕЛЕЛЕР
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомунун редакциясына ылайык)
I. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук:
- Конституция (өзгөртүүлөр);
- административдик-аймактык түзүлүштүн негиздери;
- мамлекеттик символика;
- референдум;
- өзгөчө абал;
- согуш абалы;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары; аларды кабыл алуу жана расмий жарыялоо тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;
- Элдик Курултайдын ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат;
- юстиция органдарынын иши;
- нотариат;
- мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам;
- адвокатура жана адвокаттык иш;
- коммерциялык эмес уюмдар;
- мамлекеттик сыйлыктар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары;
- (абзац КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Прокуратура органдарынын системасы жана анын ишин уюштуруу. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу:
- кылмыш-жаза иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышы;
- аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдарды так жана бир түрдүү аткаруу.
2. Адамдын жана жарандын укуктары боюнча мыйзамдардын конституциялык негиздери:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулар;
- тынч чогулуштар;
- саясий репрессияларга кабылган адамдарды реабилитациялоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишин уюштуруу жана анын тартиби.
3. Сот-укуктук маселелер боюнча мыйзамдар:
- соттук система жана аны реформалоо;
- соттордун уюштурууну жана ишин жөнгө салуу;
- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишин жөнгө салуу;
- кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдар (сот өндүрүшү жагынан);
- жарандык мыйзамдар (негиздер);
- жарандык-процесстик мыйзамдар;
- административдик, административдик-процесстик мыйзамдар;
- укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар (сот өндүрүшү жагынан);
- аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө мыйзамдар;
- мунапыс/ырайым кылуу;
- сот адилеттигин жүзөгө ашыруу жана соттук түзүлүш маселелери менен түз же кыйыр байланышкан мыйзамдар.
4. Депутаттык этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын этикасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин маселелери:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын органдарынын ишин жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин контролдоо функциялары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби.
5. Отчетторду жана баяндамаларды угуу:
- Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокурордун ар жылдык отчету;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасы;
- Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык жана атайын баяндамалары;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун анын иши жөнүндө ар жылдык баяндамалары жана өткөн жыл үчүн финансылык отчету.
6. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоо, бекитүү, дайындоого же кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү үчүн сунуш кылынган талапкерлерди алдын ала кароо:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жана бошотуу;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрагаларын дайындоого жана бошотууга макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун судьяларын кызмат ордунан убактылуу четтетүү;
- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана бошотуу;
- Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын шайлоо жана бошотуу;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун Координациялык кеңешинин курамына шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен талапкерлерди кароо, аларды мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу.
7. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
II. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Эл аралык мыйзамдар:
- эл аралык келишимдер;
- эл аралык келишимдерди ратификациялоо, аларга кошулуу жана бекитүү;
- эл аралык келишимдердин анык эместиги, күчүн убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу);
- Жогорку Кеңеш ратификациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун алдын-ала кароо;
- мамлекеттер аралык программалар;
- эл аралык элдик укук;
- эл аралык жеке укук;
- эл аралык жана чет өлкөлүк укукту колдонуу.
2. Тышкы саясат, эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы;
- дипломатиялык мамилелерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштарды киргизүү;
- чет мамлекеттер;
- чет мамлекеттерге ноталар, кайрылуулар;
- дипломатиялык кызмат;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери), Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук же консулдук агенттик);
- жарандык маселелер;
- эл аралык саясий кызматташтык;
- эл аралык экономикалык кызматташтык;
- эл аралык аскер-техникалык кызматташтык;
- эл аралык маданий-гуманитардык кызматташтык;
- эл аралык жана парламенттер аралык делегациялар;
- Кыргыз Республикасында эл аралык жана парламенттер аралык делегацияларды кабыл алуу;
- чек арага жакын жердеги кызматташтык;
- Кыргыз Республикасынын парламенттик делегацияларынын башка өлкөлөргө визиттери;
- эл аралык жана чет өлкөлүк, анын ичинде парламенттер аралык уюмдар (КМШПА, ЖККУПА, ОБСЕПА, ПАСЕ, ТүркПА ж.б.);
- эл аралык уюмдардагы мүчөлүк төгүмдөр;
- мамлекеттик протокол;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чет мамлекеттер менен кызматташтык боюнча достук топтору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерин, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Башкы консулдарын дайындоого макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын координациялоо;
- мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин аткарылышына контролдук кылуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышынын маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын отчетторун угуу;
- эл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу.
3. Коргоо жөнүндө:
- коргоонун жалпы маселелери;
- коргоону башкаруу;
- Куралдуу Күчтөр. Аскердик түзүлүштөр. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн түзүмү;
- аскер кызматы;
- күжүрмөн даярдык;
- чек ара кызматы жана анын органдары;
- согуш мезгили, согуш абалы;
- мобилизациялык даярдык жана мобилизация;
- жарандык коргонуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналы;
- куралдар жана аскер техникасы;
- коргоо өнөр жайы;
- аскер илими;
- аскер кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо;
- өлкөнүн коргонуусун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн колдонуу тартиби;
- коргоо жана коопсуздук жаатындагы илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер;
- аскер кызматчыларын, жарандык персоналды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо;
- аскердик прокуратура органдары жана жазаны аткаруу кызматтары (аскердик кызмат өтөө маселелери боюнча);
- аскер кызматынын ардагерлеринин жана майыптарынын уюмдарынын иши;
- ЖККУ, ШКУ жана КМШга катышкан мамлекеттердин жамааттык коопсуздугу.
4. Улуттук коопсуздук жөнүндө:
- саясий, экономикалык, аскердик, диний, экологиялык, энергетикалык, санитардык-эпидемиологиялык жана коомдук коопсуздук;
- терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, террористтик кол салуулардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу;
- жашыруундуулук режими, мамлекеттик жана аскердик сыр;
- чалгындоо жана контрчалгындоо;
- коргоо өнөр жайынын объекттеринин, транспорттун, байланыштын, каржы-кредиттик тутумдун жана башка маанилүү эл чарба объекттеринин коопсуздугу;
- темир жол жана аба транспортунда атайын ташуулардын коопсуздугу;
- массалык тартипсиздиктерди, улуттар аралык кагылышууларды жана маанилүү эл чарбалык жана аскердик объекттердеги өзгөчө окуялардын алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана бөлүп коюу;
- калкты жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу;
- мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдарын, ошондой эле кызмат адамдарын кайтаруу;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, анын чек араларынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- маалыматтык коопсуздук (мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматты коргоо, жеке маалыматтарды коргоо, адамдын маалыматтык-психологиялык коопсуздугу).
5. Миграция:
- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын адамынын жана жаранынын конституциялык укуктарын коргоо, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттин чегинен тышка чыгуусу жагынан тышкы миграция жана тышкы эмгек миграциясы;
- чет өлкөдөгү мекендештер жана алардын бирикмелери;
- чет өлкөдөгү этностук кыргыздар жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер.
6. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
III. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Айыл чарбасы жана агрардык-өнөр жай комплекстери жөнүндө мыйзамдар:
- айылды социалдык өнүктүрүү;
- айыл чарбасын башкаруу (органдардын тутуму, функциялар);
- айыл чарбасындагы ишкердик иш;
- айыл чарба ишканалары:
жамааттык чарбалар;
дыйкан (фермер) чарбалары;
дыйкан (фермер) чарбаларынын ассоциациялары;
жеке көмөкчү чарбалар;
айыл чарбасындагы акционердик коомдор жана кооперациялар;
агроөнөр жай комплекстери, кайра иштетүү өнөр жайынын комбинаттары, ишканалары;
- айыл чарбасындагы ижара;
- өсүмдүк өстүрүү;
- дан өстүрүү;
- багбанчылык;
- тоют өндүрүү;
- жашылча өстүрүү;
- мал чарбачылыгы;
- бакчачылык;
- айбанат чарбасы;
- канаттуулар чарбасы;
- балчылык;
- балык өстүрүү;
- ветеринардык жана зоотехникалык иш-чаралар;
- айыл чарбасындагы механизация жана агрономия;
- дыйканчылыктагы жана мал чарбачылыгындагы карантин кызматы;
- айыл чарба азыктарын даярдоо жана сатуу;
- себүү, оруп-жыйноо жана башка айыл чарба жумуштары;
- айыл чарба кооперациясы жана кызмат көрсөтүүлөрү;
- айыл чарба азыктарына келишимдик жана сатып алуу баалары;
- селекция, тажрыйба чарбалары;
- асыл-тукум мал чарбачылыгы;
- агрардык илим;
- айыл чарба чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана макулдашуулар.
1-1. Мал чарбачылыгы жана асыл тукум иштери жөнүндө мыйзамдар:
- жылкы чарбачылыгы (анын ичинде сүт, сүт-эт жана эт, унаа, чарбачылык жана спорттук);
- кой чарбасы (анын ичинде кылчык жүн, жарым кылчык жүн, уяң жүн, жарым уяң жүн, куйрук, эт, эт-жүн, ошондой эле тон);
- эчки чарбасы (анын ичинде эт, тыбыт жана жүн);
- коен чарбасы (анын ичинде эт, булгары-чийки зат);
- айбанат чарбасы (анын ичинде баалуу тери жана булгары-чийки зат);
- ит чарбасы (анын ичинде кызматтык, спорттук, аңчылык жана үй);
- төө чарбасы (анын ичинде сүт жана эт, тыбыт, чарбалык);
- жибек чарбасы (анын ичинде жибек курт);
- мал чарбасы (анын ичинде сүт, сүт-эт жана эт);
- асыл-тукум мал чарбасы (анын ичинде асыл-тукум малды тандоо, ылгоо, илимий изилдөө, мал чарбачылык институттары, борборлор);
- чочко чарбасы (бекон, эт, сало жана жарым сало).
1-2. Канаттуулар чарбасы жана балык чарбасы жөнүндө мыйзамдар:
1-2-1. Канаттуулар чарбасы:
- канаттуулар чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясат;
- канаттуулар чарбасы (эт, жумуртка, эт-жумуртка, декоративдүү, жүн жана канат, урушчаак короздор);
- канаттуулардын породаларын өстүрүү жана селекция;
- өнөр айлык канаттуулар чарбасы;
- үй канаттуулар чарбасы;
- канаттуулар фабрикасынын шарттарында жумуртка өндүрүү технологиясы;
- тамактандыруу жана даярдоо пункттарынын тармагын күтүү;
- жумуртка-канаттуу товарынын сапаты.
1-2-2. Балык чарбасы:
- балыктарды кайра өндүрүүнү жана өстүрүүнү башкаруу;
- индустриялык балык чарбасы;
- көлмөлүк балык чарбасы;
- калкты сапаттуу балык продукциясы менен камсыз кылуу;
- бизнестин чакан жана орто сегментин өнүктүрүү;
- балык ресурстарын кайра жаңылоо;
- балык уулоо жана балык чарбасы маданият катары;
- балык чарбасынын жаңы сапаттуу продуктылары;
- үйдө аквариумдук балык өстүрүү.
1-3. Ветеринария жана ветеринардык диагностика жана биотехнология:
- ветеринария тутумундагы башкаруу органдары;
- ветеринария тутумундагы органдарды финансылоо;
- жеке, приваттык жана коомдук ветеринария;
- ветеринардык мекемелер;
- дарылоо иши;
- диагностика жана алдын алуу;
- фармацевтика;
- биотехнология;
- эпидемиология, вирусология, паразитология, гельминтология жана башкалар;
- мамлекеттик жана жеке ветеринардык клиникалар;
- ветеринардык палата жана практикалык ветеринардык врачтардын ассоциациялары;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы, Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл;
- ветеринардык-санитардык көзөмөл (рыноктор, чек ара, эс алуу зонасы ж.б.).
1-4. Агроөндүрүштүк процесстер жана агротехнологиялар жана техника жөнүндө:
- объекттерди, комбинаттарды башкаруу, чийки заттарды кайра иштетүү жана агроинженердик жана агроэнергетика чөйрөсүндөгү ишкердик ишти өнүктүрүү жаатындагы саясат;
- техникалык тутумдарды жаңы өндүрүштүк шарттарга эксплуатациялык адаптациялоо жаатындагы саясат;
- өндүрүштө үзгүлтүксүз жумуш процессин камсыз кылуу үчүн жабдуулардын жумушчу түйүндөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү жаатындагы башкаруу машиналарды техникалык тейлөө;
- өндүрүштө жаңы агротехнологияларды жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү чөйрөсүндөгү саясат;
- түзүлгөн продукциянын сапатын контролдоо, калдыктарды утилдештирүү;
- айыл чарба машиналарын сыноону башкаруу, жаңы машиналарды жана жабдууларды пайдалануунун натыйжалуулугун жана максатка ылайыктуулугун аныктоо;
- малдан жана өсүмдүктөн алынуучу продукцияны өндүрүү, иштетүү жана сактоо үчүн жабдуулар чөйрөсүндөгү башкаруу;
- АӨКнын жаңы технологиялары жана каражаттары;
- айыл чарбасынын продукциясын түзүү жана ташуу үчүн пайдаланылуучу техника;
- а/ч машиналарын жана жабдууларын тейлөөнүн жана диагностикалоонун методдору;
- бардык айыл чарба процесстерин жабдуу, энергия менен камсыз кылуу, суу жана газ менен жабдуу;
- технологиялык процесстердин параметрлерин, чыгарылуучу продукциялардын сапатын жана айыл чарба продукцияларын алгачкы кайра иштетүү үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо аткарылган жумуштарды өндүрүштүк контролдоону жүзөгө ашыруу;
- айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү үчүн машиналардын жана жабдуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу;
- айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону жана оңдоону пландаштыруу;
- инженердик тутумдарды (айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү үчүн машиналарды жана жабдууларды) материалдык-техникалык камсыз кылууну уюштуруу жана контролдоо;
- айыл чарба продукциясын сактоонун жана кайра иштетүүнүн технологиялык процесстерин долбоорлоо жаатындагы башкаруу жана контролдоо;
- айыл чарба калдыктарын утилдештирүү үчүн комплекстер.
1.5. Айыл чарба илими жана инновациялары жөнүндө:
- мамлекеттик жер жана суу саясаты;
- айыл, суу чарба жана экология жаатындагы инвестициялык саясат;
- илимий жана селекциялык, сорт сыноочу институттар, борборлор жана уюмдар;
- жашыл, органикалык технологиялар паркы.
2. Жер жана айыл чарба жерлери жана жайыттар жөнүндө:
- жерлерди пайдалануу жана коргоо жаатындагы башкаруу;
- турак жай-жер маселелери;
- агрардык-жер реформасы;
- мамлекеттик жер кадастры. Жер фондунун жерлеринин категориялары;
- жерге жайгаштыруу жана жерлерди мамлекеттик каттоо;
- пайдалануудагы бардык категорияларындагы жерлерди кайтаруу;
- жерлерди пайдаланууга мамлекеттик контроль;
- жер ипотекасы;
- жер үчүн акы жана жер салыгы;
- жайыттар жана башкаруу, жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- жер мыйзамдарын өркүндөтүү.
2-1. Ирригациялык тармактар, сугат суу жана тамчылатып сугаруу жөнүндө мыйзамдар:
- сугат сууну камсыз кылуу жана пайдалануу жаатындагы саясат;
- мамлекеттер аралык, республикалык, ички-чарбалык ирригациялык тармактар;
- дренаждык жана суу бөлүүчү тармактар;
- сугат суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентти сактоо;
- сугат сууга уруксат берүү системасы, ирригациялык тармактарды өткөрүү;
- сугат иштерин жүргүзүүнүн сапаты жана өз убагында болушу;
- калкты сугат суу менен жабдуу;
- сугат сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдалануу;
- ирригациялык тармактар жана селди буруу;
- калктуу конуштарда сугат суу системаларын финансылоо жагындагы эл аралык келишимдер (ратификациялоо);
- өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсык, суу менен жабдуу булактарында суунун булганышынын кооптуу деңгээлин табуу ж.б.) чарбалык сугат суу менен жабдуу тутумдарын эксплуатациялоо стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- сугат суу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоо.
2-2. Ичүүчү суу жөнүндө мыйзамдар:
- ичүүчү сууну камсыз кылуу жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентти сактоо;
- суу менен жабдууга ташууга уруксаттардын системасы;
- ичүүчү сууну куюунун, ташуунун сапаты, стандарттары жана эрежелери;
- калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
- ичүүчү сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдалануу;
- суу түтүктөр тармактары, суу бөлүү;
- сууну санитардык тазалоо;
- калктуу конуштарда ичүүчү суу тутумдарын финансылоо жагындагы эл аралык келишимдер (ратификациялоо);
- өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсык, суу менен жабдуу булактарында суунун булганышынын кооптуу деңгээлин табуу ж.б.) чарбалык ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын эксплуатациялоо стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- ичүүчү суу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоо.
2-3. Тазалоочу курулмалар жана суу агындылары жөнүндө мыйзамдар:
- республика боюнча канализациялык тазалоочу курулмаларды жана суу агындыларын өнүктүрүү;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларын камсыз кылуу жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентти сактоо;
- канализациялык тазалоочу курулмаларга жана суу агындыларына уруксат берүү тутуму;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларынын сапаты, стандарттары жана эрежелери;
- калктуу конуштардын канализациялык тазалоочу курулмалары жана суу агындылары;
- канализациялык тазалоочу курулмаларды жана суу агындыларын алардын максаттуу багытына ылайык пайдалануу;
- канализациялык тармактар, суу бөлүштүрүү;
- канализациялык тазалоочу курулмаларды жана суу агындыларын санитардык тазалоо;
- калктуу конуштарда канализациялык тазалоочу курулмаларды жана суу агындыларын финансылоо бөлүгүндөгү эл аралык келишимдер (ратификациялоо);
- өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар, суу менен жабдуу булактарында суунун булганышынын кооптуу деңгээлинин табылышы ж.б.у.с.) канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларынын тутумдарын эксплуатациялоо стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- канализациялык тазалоочу курулмалар жана суу агындылары жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоо.
2-4. Өнөр жайын суу менен камсыз кылуу:
- өнөр жайын чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу;
- өнөр жайын чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну контролдоо;
- суу менен жабдуу тутумдарын эксплуатациялоо стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- өнөр жайлык максаттар үчүн сууну пайдалануу жөнүндө талаштарды чечүү;
- суу ташкындарына каршы жана селди буруу иш-чаралары;
- өнөр жайлык максаттар үчүн суу объекттерин эксплуатациялоо.
2.5. Токой чарбасы жана жаңгак чарбасы:
- азыркы жана кийинки муундардын кызыкчылыктары үчүн токойлорду биочөйрөнүн эң бир маанилүү компоненти катары сарамжалдуу пайдаланууну жана сактоону уюштуруу;
- токойлорду пайдалануу жана сактоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуу;
- токой чарбалары;
- улуттук парктар жана коруктар;
- зоопарктар;
- жаңгак чарбасы;
- чабындылар;
- жайыттар;
- токой ресурстарын жана токой фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу;
- токойлорду рекреациялык жана башка атайын максаттарда пайдаланууну уюштуруу;
- токойдун коргоочу жана биологиялык жөнгө салуучу функцияларын сактоо;
- токой - биологиялык чөйрөнүн маанилүү компоненти катары;
- токой өнөр жайлык жыгач даярдоону өнүктүрүү үчүн башкы чийки зат базасы катары;
- мал чарбасынын тоют базасын кеңейтүү үчүн пайдаланылуучу токой фонду, чабындылар жана жайыттар;
- токойлорду өрттөн, зыянкечтерден жана илдеттерди натыйжалуу коргоо.
3. Токойлорду коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- токойлорду коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- токойлорду коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- токой пайдалануу. Токойлорду пайдалануунун түрлөрү;
- токойлорду ижарага алуу;
- токойлорду кыюу жана өнүктүрүү;
- токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден кайтаруу жана коргоо;
- токойлорду мамлекеттик эсепке алуу. Токойлорду топторго бөлүү. Токой кадастры;
- токойлорду пайдалануудагы талаштарды чечүү.
4. Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу. Жаныбарлар дүйнөсүн коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине менчик жана башка укуктар;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрү. Жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу;
- аңчылык жана мергенчилик чарбасын жүргүзүү;
- лицензиялоо. Тарифтер жана тарифтик саясат;
- балык запастарын коргоо. Балык уулоону жана балык өстүрүүнү жөнгө салуу;
- жаныбарларды мамлекеттик эсепке алуу. Жаныбарлардын мамлекеттик кадастры;
- айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо;
- жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы талаштарды чечүү.
5. Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу. Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине менчик жана башка укуктар;
- өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдалануу. Анын түрлөрү;
- дары чөптөрү;
- лицензиялар. Тарифтер;
- өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы талаштарды чечүү.
6. Суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу. Суу ресурстарын коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- дарыялар, көлдөр жана мөңгүлөр;
- суу сактагычтар, плотиналар, каналдар, шлюздар, дамбалар;
- суу ресурстарына менчик жана башка укуктар. Суу пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА);
- суу пайдалануу, суу пайдалануунун түрлөрү. Ирригация жана гидрокурулмалар;
- суу ресурстарын кайтаруу;
- ичүүчү суу менен жабдуу булактарын кайтаруу жана өндүрүштүк агынды сууларды агызып чыгаруунун тартиби;
- суу ташкындарына каршы иш-чаралар;
- суу объекттерин эксплуатациялоо;
- суу ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу. Суу кадастры;
- суу пайдалануу жөнүндө талаштарды чечүү;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын, объекттерин жана курулмаларын мамлекеттер аралык пайдалануу.
7. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө:
- айлана-чөйрөнү коргоо органдары;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүн ченемдөө жана анын сапаты, жаратылышты пайдалануу субъекттеринин укуктары жана милдеттери;
- ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди курууда, эксплуатациялоодо шаар куруу ишиндеги экологиялык талаптар;
- жаратылыш ресурстарын коргоо;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана объекттери;
- жаратылыш корук фонду (коруктар, заказниктер, улуттук парктар);
- жаратылыш дары-дармек ресурстары;
- курорттук жерлер;
- радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө экологиялык контроль;
- экологиялык мониторинг (экологиялык жана техникалык коопсуздук);
- экологиялык жана эпидемиологиялык коопсуздук;
- айлана-чөйрөнү коргоого мамлекеттик, коомдук жана өндүрүштүк контроль;
- мамлекеттик экологиялык экспертиза;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнөн мониторинг жүргүзүү тутуму;
- жаратылыш чөйрөсүн коргоо механизмдери жана жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
8. Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө:
- атмосфераны булгануудан, радиациялык, жылуулук жана башка зыяндуу таасирлердин түрлөрүнөн коргоо;
- атмосфералык абанын абалына мониторинг жүргүзүү;
- атмосфералык абаны коргоону контролдоо. Талаштарды чечүү;
- озон катмарын коргоо.
9. Региондук өнүктүрүү жөнүндө:
- региондук өнүктүрүү (айыл чарба жаатындагы өнүктүрүүнүн комплекстүү жана башка программалары);
- жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу (агрардык маселелер жагынан);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (региондук өнүктүрүү жагынан);
- мүлккө муниципалдык менчик;
- региондордо айыл чарба багытындагы жерлерге менчиктин түрлөрүн өнүктүрүү;
- региондордо айыл чарба ишканаларын жана чарбаларын өнүктүрүү;
- региондордун айыл чарбасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери;
- климаттык-географиялык жана демографиялык шарттарды эске алуу менен республиканын региондорундагы айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн маселелери;
- региондордо айыл чарбасын артыкчылыктуу багытын өнүктүрүүнү эске алуучу жагымдуу инвестициялык саясат үчүн шарттарды түзүү маселелери.
9.1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдар:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жаатында;
- жер мыйзамдары жаатында;
- суу мыйзамдары жаатында;
- айыл чарба жаатында;
- жаратылышты, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну коргоо жаатында;
- районду өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында;
- районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү жаатында;
- чек арага жакын, бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон, алыскы аймактарды социалдык жана экономикалык өнүктүрүү жаатында;
- мыйзамдардын тиешелүү ченемдеринин аткарылышын контролдоо.
9.2. Жергиликтүү маанидеги маселелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар:
- калкты ичүүчү суу менен жабдуу жаатында;
- жерди пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу жана архитектура ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында;
- тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартууну камсыз кылуу жаатында;
- турмуш-тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгууну жана утилдештирүүнү уюштуруу жаатында;
- тиешелүү аймакты өнүктүрүү максатында эл аралык уюмдар менен кызматташуу жаатында;
- мыйзамдардын тиешелүү ченемдеринин аткарылышын контролдоо.
10. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
IV. Социалдык саясат боюнча комитет:
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдар:
- мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жана мамлекеттик социалдык камсыздоону уюштуруу жана башкаруу;
- социалдык турак жай (социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, жетим балдарга турак жай берүү);
- мамлекеттик социалдык камсыздандырууну каржылоо;
- камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтик саясаты;
- топтомо пенсиялык фонддор;
- пенсиялык камсыздоо;
- пенсиялык камсыздоонун жалпы маселелери;
- пенсияларды төлөө (пенсияларды төлөөгө каражаттары, төлөө шарттары ж.б.);
- пенсияларды дайындоо үчүн эмгек стажын эсептөө;
- пенсияны жана эмгек акыны эсептөө. Пенсияларды кайра эсептөө;
- пенсиялар:
жаш курагы боюнча (эмгек пенсиялары);
майыптыгы боюнча;
баккан адамынан ажырагандыгы боюнча;
иштеген жылдары үчүн;
жеңилдиктердин негизинде;
аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын курамынын башкаруучу жана катардагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө;
- топтоочу пенсиялык тутум;
- жөлөкпул:
аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулдар;
социалдык жөлөкпулдар;
убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча;
кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча;
жумушсуздук боюнча;
ритуалдык;
- жеңилдиктер жана компенсациялар:
ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеңилдиктер;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, интернационалист жоокерлерге, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктер;
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуда катышкандарына жеңилдиктер жана компенсациялар;
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга жеңилдиктер жана компенсациялар;
авариялардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын учурундагы жеңилдиктер жана компенсациялар;
социалдык коргоого муктаж жарандардын башка категорияларына жеңилдиктер;
качкындарга, аргасыз көчүп келгендерге жеңилдиктер жана компенсациялар;
мыйзамсыз саясий репрессияларга туш болгон адамдарга жеңилдиктер жана компенсациялар;
- улгайган курактагы жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык жактан тейлөө;
- медициналык социалдык эксперттик комиссия (МСЭК). Майыптыкты белгилөө.
2. Нике жана үй-бүлө жөнүндө:
- никеге туруу жана анын бузуу тартиби, шарттары;
- жубайлардын укуктары жана милдеттери;
- аталыкты белгилөө;
- ата-энелердин жана балдардын укуктары жана милдеттери. Алименттик милдеттер;
- улуттук жана эл аралык асырап алуу;
- камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо;
- үй-бүлөнү, энени, атаны жана баланы коргоо;
- балдардын укуктары жана таламдары, аларды камсыз кылуунун кепилдиктери.
3. Эмгек жөнүндө:
- эмгек жамааты жана анын өкүлдөрү;
- эмгек келишими (контракт);
- ишке кабыл алуу (которуу);
- эмгек келишимин (контрактты) бузуу;
- иштен чыгып калгандыгы боюнча жөлөкпул;
- кесиптерди айкалыштыруу. Кошумча иштерди алып баруу;
- эмгек китепчелери жана ишке кабыл алуу учурундагы башка документтер;
- жамааттык келишим;
- жумуш убактысы;
- эс алуу убактысы;
- дем алыш жана майрам күндөрү;
- өргүүлөр;
- эмгекке акы төлөөнүн формалары, тутуму. Тарифтик торчолор;
- эң аз эмгек акы;
- үстөк акы, кошумча акы жана коэффициенттер;
- эмгеги үчүн сыйлык (сыйлык берүү);
- кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө;
- эмгек тартиби;
- тартип жоопкерчилигинин чаралары;
- эмгек ишине сыйлык берүү чаралары;
- келтирилген зыян үчүн кызматкерлердин материалдык жоопкерчилиги;
- кепилдиктер жана компенсациялар:
иш сапарларындагы;
иштен которулгандагы, бошотулгандагы;
өзгөчө шарттарда (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналардын экстремалдык жаратылыш-климаттык шарттарында) иштеген адамдар үчүн;
- социалдык коргоого өзгөчө муктаж кызматкерлер үчүн эмгек чөйрөсүндөгү жеңилдиктер:
аялдар үчүн;
жашы жете электер үчүн;
жалгыз бойлор жана көп балалуу ата-энелер үчүн;
- эмгекти коргоо;
- эмгектин зыяндуу шарттары;
- эмгектин коопсуздугу жана гигиенасы;
- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча эрежелердин сакталышын контролдоо;
- айыл чарбасында эмгекти коргоонун спецификасы;
- жумушчуларга жана кызматчыларга келтирилген зыяндын же болбосо алар эмгектик милдеттерди аткарууга байланыштуу тарткан башка зыяндын ордун ишканалар, мекемелер жана уюмдар толтурушу;
- кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- кызматкерлерди аттестациялоо;
- эмгек стажы;
- иштеген жылдары;
- эмгектик талаштар;
- жеке эмгек талаштарын кароо;
- жамааттык эмгек талаштарын (чыр-чатактарды) кароо;
- иш таштоолор;
- кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек мамилелери;
- мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар;
- калктын аялуу катмарларынын социалдык ишкердиги.
4. Калкты иш менен камсыз кылуу жана анын миграциясы жөнүндө:
- калктын иш менен камсыз болуусу;
- иш менен камсыз кылуу кызматы (эмгек биржасы);
- жумушсуздар (статус, жөлөкпул, иш стажы);
- эмгек миграциясы;
- кайрылмандарга социалдык-укуктук колдоо.
5. Гендердик теңчилик жөнүндө:
- коомдук мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндөгү гендердик теңчиликтин негиздери;
- гендердик теңчиликтин кепилдигинин маселелери;
- гендердик теңчиликти сактоону жана ишке ашырууну камсыз кылуу механизмдери;
- гендердик теңчилик жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана контролдоо.
6. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө:
- үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык көмөк көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, уюмдар жана мекемелер;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын колдоо боюнча социалдык кызматтар;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн убактылуу жашап туруу борборлору.
7. Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө:
- саламаттык сактоо тутумундагы башкаруу органдары;
- медициналык камсыздандыруу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
- ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
- саламаттык сактоо тутумун каржылоо;
- коомдук саламаттык сактоо;
- медициналык мекемелер:
департаменттер;
улуттук, республикалык, илим-изилдөө жана билим берүү борборлору;
поликлиникалар;
ооруканалар;
дарыканалар;
диспансерлер;
алдын-ала дарылоо мекемелери;
консультациялар;
медициналык тез жардам станциялары;
төрөт үйлөрү;
медициналык пункттар;
салттуу эмес медицина мекемелери;
- калкка дарылоо-алдын алуу жардамын көрсөтүү (акысыз, акы төлөө менен, төлөө боюнча жеңилдиктер);
- ведомстволук (ИИМ, УКМК, ЖАМК, КМ) медициналык мекемелер;
- медициналык социалдык эксперттик комиссия (МСЭК);
- соттук-медициналык эксперттик комиссия;
- протездөө;
- дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу;
- наркологиялык жардам;
- психиатриялык жардам;
- СПИДге каршы күрөшүү боюнча чаралар;
- адамдын органдарын трансплантациялоо;
- донордук;
- ооруканага жаткыруу;
- эненин жана баланын саламаттыгын сактоо;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы. Мамлекеттик санитардык көзөмөл;
- санаторийлик-курорттук дарылоо (эс алуу үйлөрү, санаторийлер, эс алуу зоналары ж.б.);
- жекече медициналык практика;
- акы төлөтүүчү медициналык кызмат көрсөтүү.
8. Билим берүү жөнүндө:
- билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясат;
- мектепке чейинки билим берүү;
- мектепке даярдоо программасы;
- башталгыч жалпы билим берүү;
- негизги жалпы билим берүү;
- орто жалпы билим берүү;
- мектептен тышкаркы билим берүү;
- башталгыч кесиптик билим берүү;
- орто кесиптик билим берүү;
- жогорку кесиптик билим берүү;
- ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү;
- кошумча кесиптик билим берүү;
- чоң кишилерге кошумча билим берүү.
9. Илим жөнүндө:
- Улуттук илимдер академиясы;
- Улуттук аттестациялык комиссия;
- илимий жана изилдөө институттары, борборлору;
- жогорку технологиялар паркы;
- технопарктар.
Инновациялар жана интеллектуалдык менчик жөнүндө:
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясат;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы инвестициялык саясат;
- Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду;
- Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана.
Маданият жана көркөм өнөр жөнүндө:
- маданият жана көркөм өнөр жаатындагы мамлекеттик саясат;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүк;
- көркөм адабият, кинематография, көркөм сүрөт өнөрү;
- китепкана фонду жана китепкана иши;
- басма иши, басма сөз мекемелери жана ишканалары;
- музей фонду;
- маданий-агартуу мекемелери;
- театрдык оюн-зоок уюмдары;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу;
- өзгөчө корголуучу тарыхый-маданий аймактар.
Мамлекеттик жана расмий тилдер жөнүндө:
- мамлекеттик жана расмий тилдердин иштөөсү жана өнүгүшү жаатындагы мамлекеттик саясат;
- Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия;
- мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик тилдин иштөөсү;
- мамлекеттик тилдин лексикалык фондун өркүндөтүү жана иретке келтирүү.
10. Маалыматтык саясат жөнүндө:
- маалыматтык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат;
- массалык маалыматты таратуу;
- маалыматтык чөйрөнүн субъекттери;
- басылма ЖМКлардын иши;
- теле- жана радиоберүү;
- жарнама;
- анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо.
11. Диний саясат жөнүндө:
- диний саясатты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар, концепциялар;
- диний уюмдар жана бирикмелер. Конфессиялар аралык мамилелер;
- динди социалдаштыруу. Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар.
(Абзац КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Дене тарбия жана спорт жөнүндө:
- дене тарбия жана спорт жаатындагы мамлекеттик саясат;
- спорттун улуттук түрлөрү;
- кесипкөй спорт;
- дене тарбия;
- олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдолимпиадалык кыймылдар;
- спорт уюмдары, бирикмелери, мекемелери жана курулмалары.
13. Жаштар саясаты жөнүндө:
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жаштар саясаты;
- мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттары;
- мамлекеттик жаштар саясатын түзүү жана ишке ашыруу;
- жаштардын социалдык жана укуктук корголушу;
- адистешкен жаштар уюмдары жана коомдук бирикмелери.
14. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
V. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты тармактарындагы иш жөнүндө мыйзамдар:
- акционердик коомдор, чарбалык шериктештиктер жана коомдор;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
- табигый жана уруксат берилген монополия;
- лицензиялоо;
- тышкы соода иши;
- инвестициялар;
- техникалык жөнгө салуу;
- Соода-өнөр жай палатасы;
- энергетика жана электр энергетикасы;
- мунай газ;
- көмүр;
- энергиянын жаңыланып туруучу булактары;
- энергияны үнөмдөө;
- гидроэлектр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо;
- жер казынасы жана жаратылыш ресурстары.
2. Өнөр жай чөйрөсүндө:
- өнөр жайды уюштуруунун жана башкаруунун жалпы маселелери;
- өнөр жай өндүрүшүндөгү инновациялык саясат;
- инвестициялык саясат;
- атаандаштыкка кудуреттүүлүк жана атаандаштык жаатындагы саясат;
- өнөр жайлык экология, өнөр жай калдыктары, экинчи жолу колдонулуп жаткан чийки зат;
өнөр жай тармактарындагы патенттер, стандартташтыруу, метрология;
- өнөр жайдагы монополияга каршы саясат;
- металлургия жана химиялык-металлургия өнөр жайы;
- машина куруу;
- химия өнөр жайы;
- электрондук өнөр жай;
- тигүү өнөр жайы;
- текстиль жана трикотаж өнөр жайы;
- булгаары-бут кийим жана жүндүү тери өнөр жайы;
- курулуш материалдарын өндүрүү;
- эмеректерди өндүрүү;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирти камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү.
3. Энергетика чөйрөсүндө:
- жылуулук- жана гидроэнергетика;
- мамлекеттик программалар;
- энергияны үнөмдөө;
- энергия ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
- энергетика өнөр жайы;
- отундун альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүү;
- энергетикадагы жана газ тармагындагы тарифтик саясат;
- энергетика тармагындагы инновациялык саясат;
- энергетика тармагындагы инвестициялык саясат;
- энергия ресурстарын экспорттоо, импорттоо;
- лицензиялоо иши.
4. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө:
- жер казынасын коргоонун жана пайдалануунун жалпы маселелери;
- жер казынасын пайдалануудагы инвестициялык саясат;
- инновациялык саясат;
- лицензиялоо иши;
- геологиялык-чалгындоо иштери;
- жер казынасын пайдалануу;
- тоо-кен, көмүр жана мунай-газ тармактарын өнүктүрүүнүн келечеги;
- тоо-кен тармагынын маселелери (металлдарды, көмүрдү, мунайды жана газды казып алуу);
- экология маселелери, тоо-кен өнөр жайынын калдыктары, экинчи жолу колдонулуп жаткан чийки зат.
5. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
VI. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдар:
- автомобиль транспорту:
автотранспорт ишканалары;
жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспорту;
транспорттун адистештирилген түрлөрү;
калкты транспорттук тейлөө (автобекеттер, автостанциялар жана автопавильондор);
автосервис;
жүк жана жүргүнчү темир жол станциялары, бекеттер, локомотивдик жана вагондук деполор;
транспорттогу тарифтер, жыйымдар жана жеңилдиктер;
- темир жол транспорту:
темир жолдорду жана кошулма жолдорду куруу;
- суу транспорту:
порттор, пристандар, причалдар, өткөөлдөр;
пароходчулук;
суу транспортунун коопсуздугу;
- аба транспорту:
аэродромдор, аэропорттор;
аба мейкиндиги;
аба кемелери;
жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн жана почтаны аба аркылуу ташуу;
аба кыймылын тейлөө;
авиация ишканалары;
авиациялык коопсуздук;
учуулардын коопсуздугу;
- автотранспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, тракторлорго укуктарды каттоо, кайра каттоо;
- айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү;
- айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү:
жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу:
жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутууну (кайра окутууну) камсыз кылуучу автомектептердин ишин лицензиялоо.
2. Автомобиль жолдору чөйрөсүндө:
- автомобиль жолдорун куруу, оңдоо-түзөө жана карап-күтүү;
- автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо;
- автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ратификациялоо;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- автомобиль жолдорун курууга жана реабилитациялоого инвестициялар.
3. Коммуникациялар чөйрөсүндө:
- электр жана почта байланышы;
- почта жана фельдъегер кызматы;
- санариптик теле көрсөтүүлөр жана радио берүүлөр;
- телекөрсөтүү жана радио уктуруу уюмдары;
- инженердик тармактардын, транспорттук курулмалардын жана коммуникациялардын тутуму;
- байланыштын спутниктик, интернеттик жана башка түрлөрү;
- маалыматтык технологиялар;
- электрондук башкаруу;
- санариптик мейкиндик, анын инфратүзүмү жана жөнгө салынышы;
- персоналдык мүнөздөгү маалыматтар;
- электрондук колтамга;
- электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программалар;
- Жогорку технологиялар паркы;
- радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо.
4. Архитектура жана курулуш чөйрөсүндө:
- жарандык жана өнөр жайлык курулуш;
- курулушка инвестициялык долбоорлор;
- курулуш объекттерин пландаштыруу;
- имараттарды жана курулмаларды кайра пландаштыруу жана алардын багытталышын өзгөртүү;
- ченемдик документтер;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш;
- курулуш чөйрөсүндөгү техникалык жөнгө салуу;
- объекттерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо-түзөө;
- шаар куруу жана архитектура;
- архитектура-курулуш көзөмөлү;
- баа коюу жана тарифтик саясат;
- шаар куруу программалары;
- калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу;
- социалдык жана маданий объекттерди куруу;
- курулушка уруксат берүүчү документтер;
- бүткөрүлгөн курулуш объекттерин эксплуатацияга киргизүү.
5. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө:
- кыймылсыз мүлктүн кадастры;
- кыймылсыз мүлктүн чектери;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо.
5-1. Архив фонду жана архив иши жөнүндө:
- архив иши жаатындагы мамлекеттик саясат;
- архив ишин мамлекеттик башкаруу;
- архив иши жаатындагы уюмдар жана мекемелер;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду.
6. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
VII. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Экономикалык өнүгүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар:
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү мамлекеттик болжолдоо;
- экономика тармактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик, мамлекеттер аралык программалары жана концепциялары;
- макроэкономикалык саясат;
- экономикалык процесстерди финансылык методдор менен жөнгө салууну жана стимулдаштырууну уюштуруу (ишкердик иштин субъекттерин субсидиялоо, чарба жүргүзүү субъекттерине (гранттарды, субсидияларды, бюджеттик кредиттерди, инвестицияларды, мамлекеттик кепилдиктерди, мамлекеттик жана муниципалдык заказдарды) берүү, илимий-техникалык жетишкендиктерди материалдык стимулдаштыруу);
- инвестициялар, тышкы экономикалык иш жана соода маселелери:
мамлекеттик жана жеке инвестициялык долбоорлордун программалары;
тышкы жана ички инвестициялар;
инновациялык иш;
инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо;
тышкы экономикалык мамилелерди уюштуруу жана башкаруу;
эл аралык келишимдер (эл аралык келишимдерди түзүү, ратификациялоо, аткаруу жана денонсациялоо);
эл аралык макулдашуулар жана келишимдер (ДСУ; ЕАЭБ);
аймактар аралык соода байланыштары;
соода өкүлчүлүгү жана ортомчулугу;
тышкы жана ички соода.
2. Бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө мыйзамдар:
1) Бюджеттик жөнгө салуунун негизги принциптери.
2) Мамлекеттик жана республикалык бюджет жана алдыдагы жылга болжолдоо (анын ичинде алдыдагы үч жылга бюджетти орто мөөнөттүү болжолдоо):
- мамлекеттик органдардын чыгымдары;
- сот бийлигинин жана укук коргоо органдарынын чыгымдары;
- бюджеттин тартыштыгы, аны жабуунун ички жана тышкы булактары.
3) Бюджеттер аралык мамилелерди бюджеттик жөнгө салуу.
4) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонддору.
5) Бюджеттик кредиттөө.
6) Резервдик жана бюджеттен тышкаркы фонддор.
7) Өнүктүрүү бюджети.
8) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери.
9) Казыналык маселелери,
10) Бюджеттик классификация.
11) Мамлекеттик муктаждыктар. Мамлекеттик заказ.
12) Мамлекеттик сатып алуулар маселелери.
13) Республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет.
14) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчет.
15) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчет.
16) Эл аралык мамилелердеги финансылык саясат.
17) Мамлекеттик статистика.
18) Мамлекеттик карыз, тышкы жана ички каржылоонун булактары жөнүндө:
- мамлекеттик баалуу кагаздар жана милдеттенмелер;
- финансылык жана бюджеттик саясат боюнча мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашууларды (келишимдерди) ратификациялоо;
- эл аралык кредиттик макулдашуулар жана бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды жана пайыздарды төлөөнү жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра түзүмдөштүрүү.
19) Эсептөө палатасынын аудитин кошуп алганда, аудитордук иш жөнүндө мыйзамдар:
- аудитордук иш;
- ички аудит;
- көз карандысыз аудит.
20) Экономиканын тармактары боюнча мыйзамдар:
- турак жай экономикасы;
- туризмди өнүктүрүү маселелери;
- чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маселелери (буга экономиканын реалдуу секторунун субъекттери кирбейт);
- финансылык ижаранын (лизингдин) маселелери;
- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү маселелери;
- букмекердик жана лотереялык иш;
- акционердик коомдор, ишканалар жана ишкердик иш жөнүндө мыйзамдар:
- ишкердиктин субъекттерин каттоо жана жоюу;
- ишкердик субъекттерин текшерүү маселелери;
- мамлекеттик жана жеке менчик. Концессия жана концессиялык ишканалар;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
- чарба жүргүзүү укугу. Ыкчам жана ишенимдүү башкаруу укугу;
- банкроттук;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана улутташтыруу;
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери;
- метрология, стандартташтыруу, сертификаттоо жана техникалык жөнгө салуу;
- продукциянын сапаты;
- баалуу кагаздар;
- кымбат баалуу металлдар жана таштар;
- лицензиялык саясат;
- корпоративдик башкаруу;
- монополияга каршы саясат, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү;
- баа түзүү жана бухгалтердик эсепке алуу маселелери;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.
3. Салыктар, жыйымдар жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү;
- субъекттерди салыктык каттоо ("Бирдиктүү терезе" принциби боюнча);
- мамлекеттик алым;
- финансылык ижарага (лизингге) салык салуу;
- эркин экономикалык зоналарга салык салуу маселелери;
- салыктык карыздын жана аны кайра түзүмдөштүрүүнүн маселелери;
- контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун маселелери;
- товарларды маркалоо;
- банкроттук (салык салуу маселелери);
- жер казынасы (салык салуу маселелери);
- кайрымдуулук иши жана меценаттык (салык салуу маселелери);
- букмекердик иш жана лотерея (салык салуунун өзгөчөлүктөрү);
- инвестициялар (салык салуунун өзгөчөлүгү);
- концессиялар жана концессиялык ишканалар (салык салуунун өзгөчөлүгү);
- экономикалык мунапыс маселелери;
- мүлктү жана билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу;
- салыктык жана бажылык мыйзамдар чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчилик, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилиги;
- салыктык жана бажылык милдеттенмелерге тийиштүү бөлүгүндө жарандык жана жарандык-процессуалдык мыйзамдар;
- салыктык маселелерди камтыган мамлекеттер аралык макулдашуулар (кош салык салуу жана кирешеге жана капиталга салыктарды төлөөдөн качууну четтетүү; товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуу принциптери.
4. Бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар:
- бажылык тарифтер;
- бажылык төлөмдөр;
- ДСУнун, Бажы бирлигинин жана ЕАЭБдин ченемдерин колдонуу;
- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы;
- салыктык жана бажылык маселелерди камтыган мамлекеттер аралык макулдашуулар;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ордун которуу;
- бажы органдарында кызмат өтөө;
- салыктык жана бажылык кызматтардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.
5. Банктык жана банктык эмес иш жөнүндө мыйзамдар:
- Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө маселелер;
- баалуу кагаздар рыногу;
- фонд биржасынын маселелери;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкей катышуучуларынын маселелери;
- күрөө;
- банктык аудит;
- банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттугу;
- кредиттик бирликтер жана микрофинансылык уюмдар;
- банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо;
- камсыздандырууну уюштуруу;
- кепилдик фонддор;
- ипотекалык кредиттөө;
- ломбарддардын иши;
- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн жана соттук укуктук реформанын маселелери;
- Улуттук банктын тышкы аудиторун бекитүү.
6. Комитет тарабынан карала турган төмөнкүлөрдүн ар жылдык отчеттору:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын;
- Эсептөө палатасынын төрагасынын;
- өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту Жогорку Кеңеш карап жатканда республикалык бюджеттин аткарылышынын аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын;
- өзгөчө маанилүү же шашылыш маселелер боюнча Эсептөө палатасынын атайын отчеттору;
- Комитеттин карамагындагы маселелер боюнча мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын отчеттору;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын катышуусу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын каражаттарды пайдаланышынын натыйжалуулугунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчеттору жана мыйзамдарга ылайык аудит жөнүндө башка отчеттор.
7. Комитеттин башка ыйгарым укуктары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын талапкерлигин шайлоо үчүн кароо; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотуу;
- Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн талапкерлигин шайлоо үчүн кароо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
VIII. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет:
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Укук коргоо органдарынын (ички иштер органдары; улуттук коопсуздук органдары (тергөө бөлүгүндө) кылмыштуулук менен күрөшүү, бөлүгүндөгү иши жөнүндө мыйзамдар; жазаларды аткаруу кызматы; финансылык чалгындоо кызматы; прокуратура органдары.
2. Коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү:
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;
- кылмыш-жаза мыйзамдары;
- кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар (тергөө бөлүгүндө);
- кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдары;
- пробация органынын иши жөнүндө мыйзамдар;
- коомдук коопсуздук;
- жарандарды жана коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоо;
- уюмдашкан, улуттар аралык кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, экстремизмге жана контрабандага каршы күрөшүү;
- укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар (укук тартиби боюнча блок);
- жол кыймылынын коопсуздугу;
- куралдарды жана ок-дарыларды, атайын каражаттарды жүгүртүүнү, сактоону, пайдаланууну жөнгө салуу;
- күзөт иши жөнүндө;
- кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө.
3. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө укук коргоо, фискалдык жана башка борбордук органдардын иши жөнүндө мыйзамдар:
- ички иштер органдары;
- улуттук коопсуздук органдары;
- прокуратура органдары;
- бажы кызматы;
- салык кызматы;
- финансылык чалгындоо кызматы;
- аудитордук иш:
ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар.
4. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар:
- коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин укуктук регламенттөөнү камсыздоо;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;
- коррупцияны болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо;
- мамлекеттик, укук коргоо, фискалдык жана финансы-кредиттик түзүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;
- коррупциялык механизмдердин болушу жагынан мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык.
5. Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокурордун жылдык отчетун угуу.
6. Кылмыш-жаза иштери жана экстрадициялоо боюнча укуктук жардам жөнүндө эл аралык макулдашуулар.
7. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.