Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-октябры № 594-VII
"Кумтөр Голд Компани" ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 552-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө Жобого жана убактылуу депутаттык комиссиянын жыйналышынын 2022-жылдын 13-октябрындагы № 1 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масалиев Исхак Абсаматович - убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Малиев Арсланбек Касымакунович, Коргонбай уулу Жусупбек, Алимжанова Нилуфар Якубжановна төраганын орун басарлары болуп шайлансын.
2. Комиссиянын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана көз карандысыз эксперттерге бир айлык эмгек акыны төлөө маселелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |