Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябры № 656-VII
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кароого киргизген (2022-жылдын 16-майындагы чыг. № 18-15845) Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2021-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча белгиленген кемчиликтерди жана бузууларды жойсун;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 562 токтомуна ылайык иш-чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты квартал сайын жөнөтүп турсун.
3. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча иш-чаралардын аткарылышына кийинки жылдарда бюджеттик тартипти системалуу бузууларды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы контроль жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын берген материалдары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Н.Т.Шакиев |