Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 562
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткаруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын (мындан ары - ведомстволук план) иштеп чыксын, бекитсин;
2) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына берсин;
3) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма сунуштамалары | Иш-чара/Тапшырма | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары, коомдук бирикмелер, акционердик коомдор |
1 | 2020, 2019 жана 2018-жылдар үчүн республикалык бюджеттин аткарылышынын аудиттеринин жыйынтыгы боюнча КР Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүү, мында калыбына келтирилбеген суммалар 4924,2 млн. сомду, 733,7 млн. сомду жана 44,7 млн. сомду түзгөн | 2018, 2019, 2020-жылдар үчүн республикалык бюджеттин аткарылышынын аудиттеринин жыйынтыгы боюнча КР Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткаруу боюнча иштерди жүргүзүү | 2023-жылдын 1-кварталы | ФМ |
2 | Мамлекеттик бюджеттин көрсөткүчтөрүн чагылдыруу менен 2021-жыл үчүн мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко түшүндүрмө катты КР Бюджеттик кодексинин 14-беренесине ылайык келтирүү | 2021-жыл үчүн мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко түшүндүрмө катты КР Бюджеттик кодексинин 14-беренесине ылайык келтирүү маселесин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ |
3 | 2021-жыл үчүн отчет берүү мөөнөттөрүн бузган КР Коргоо министрлигинин жана КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жоопкерчилигин кароо | КР Финансы министрлигине отчетторду берүүнүн мөөнөттөрүн бузган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | КМ, ММБФ |
4 | КР Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү жөнүндө сунушту киргизүү: - КР жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун тартиби; - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жол-жоболор жөнүндө нускама (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 301 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен) | 1. КР жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун тартибин КР Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү маселесин карап чыгуу жана белгиленген тартипте КР Президентинин Администрациясына киргизүү. 2. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жол-жоболору жөнүндө нускаманы КР Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү маселесин карап чыгуу жана белгиленген тартипте КР Президентинин Администрациясына киргизүү | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ |
5 | КР Финансы министрлиги тиешелүү депозиттик эсепке акча каражаты жетишсиз болгондо депозиттик эсептен каражаттарды которууга жол бербөөнү камсыз кылган ченемдерди киргизүү бөлүгүнө Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте демилгелесин | Тиешелүү депозиттик эсепке акча каражаты жетишсиз болгондо депозиттик эсептен каражаттарды которууга жол бербөөнү камсыз кылган ченемдерди киргизүү бөлүгүнө Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо маселесин кароо | 2023-жылдын 1-кварталы | ФМ |
6 | КР Бюджеттик кодексинин 6 жана 106-беренелерине ылайык Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун каражаттарын Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз которуу боюнча чараларды көрүү | Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун каражаттарын Бирдиктүү казыналык эсепке которуу маселесин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ |
7 | Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун жана "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 16 мекемесинин, КР Башкы прокуратурасынын, КР Тышкы иштер министрлигинин коммерциялык банктардагы эсептерин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине ылайык жабуу жана каражаттардын калдыктарын Бирдиктүү казыналык эсепке которуу боюнча чараларды көрүү | Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун жана "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 16 мекемесинин, КР Башкы прокуратурасынын, КР Тышкы иштер министрлигинин коммерциялык банктардагы эсептерин жабуу маселесин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ, ЮМ, ТИМ, БП, МСК, ЭЭИИИ, Энергодолбоор |
8 | КР Финансы министрлиги 2022-жылга такталган бюджетти түзүүдө төмөнкүлөрдүн болушун эске алсын: - 42527,9 миң сом суммасында товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык запастарын жана айрым мамлекеттик органдардын эсептериндеги 24491,3 миң сом суммасындагы калдыктарды; - 2021-жылдын аягына карата КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин бөлүмдөрү боюнча 34233,1 миң сом суммасында товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык запастарын | 2022-жылга такталган бюджетти түзүүдө төмөнкүлөрдү эсепке алуу боюнча иш жүргүзүү маселесин карасын: - 42 527,9 миң сом суммасында товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык запастарын жана айрым мамлекеттик органдардын эсептериндеги 24 491,3 миң сом суммасындагы калдыктарды; - 2021-жылдын аягына карата КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин бөлүмдөрү боюнча 34233,1 миң сом суммасында товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ, ТКМ |
9 | КР Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы дебитордук карыздарды инвентаризациялоону жүргүзсүн жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине карыздардын түшүүсү боюнча чараларды көрсүн | КР Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматында дебитордук карыздарды инвентаризациялоону жүргүзүү жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине карыздардын түшүүсүн камсыз кылуу маселесин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | АЧМ |
10 | КР Финансы министрлиги төмөнкү чараларды көрсүн: - мамлекеттик бюджетке эсептелүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү которуу үчүн банктар тарабынан комиссиялардын кармалышын токтотуу боюнча; - "Инфо-система" МИ ("Инфоком" МИнин курамына кирген) менен биргеликте республикалык бюджеттин кирешесине жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдардан түшкөн которула элек 44,1 миң сомду, салыктык, салыктык эмес төлөмдөрдөн которулууга тийиш болгон 1068,8 миң сом суммасында калдыктарды калыбына келтирүү боюнча | 1. Мамлекеттик бюджеттин кирешесине эсептелүүгө тийиш болгон төлөмдөрдүн эсебинен "Инфосистема" МИнин эсебин тейлөө үчүн коммерциялык банктарга төлөөнү жокко чыгаруу маселесин кароо. 2. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдардан түшкөн которула элек 44,1 миң сом өлчөмүндө кирешелерди, салыктык, салыктык эмес төлөмдөрдөн 1068,8 миң сом өлчөмүндө которулууга тийиш болгон калдыктарды калыбына келтирүү маселесин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ, СӨМ |
11 | КР Финансы министрлиги: - бюджеттин ресурстарынын администраторлору жана электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасынын катышуучулары менен биргеликте төлөм системасынын операторлору тарабынан бюджеттин кирешесине 11365,6 миң сом суммасында которулбаган, "казынага түштү" статусу негизсиз ыйгарылган бардык кабыл алынган мамлекеттик төлөмдөрдүн токтоосуз которулушун камсыз кылсын; - Бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен биргеликте Бирдиктүү казыналык эсепке 2021-жылдын акырына карата 2683,9 миң сомду түзгөн "төлөм билдирүүсү жөнөтүлдү" статусу менен төлөмдөрдүн келип түшүүсүн камсыз кылсын | 1. Төлөм системасынын операторлору тарабынан 11365,6 миң сом суммасында которулбаган, "казынага түштү" статусу негизсиз ыйгарылган төлөмдөрдү мамлекеттик бюджеттин кирешесине которуу маселесин кароо. 2. Бирдиктүү казыналык эсепке 2021-жылдын аягына карата 2683,9 миң сомду түзгөн "төлөм жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү" статусу менен төлөмдөрдүн түшүүсү жөнүндө маселени кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ, СӨМ |
12 | "Коопсуз шаар" жана "Электрондук патент" долбоорлору боюнча айып пулдар жана салык төлөмдөрү боюнча карыздарды жашырууга мүмкүндүк берген https://pay.okmot.kg, платформасындагы техникалык оператор тарабынан жасалма маалыматтарды киргизүү тобокелдиктерин жоюу боюнча чараларды көрүү | "Коопсуз шаар" жана "Электрондук патент" долбоорлору боюнча айып пулдар жана салык төлөмдөрү боюнча карыздарды жашырууга мүмкүндүк берген https://pay.okmot.kg, платформасындагы техникалык оператор тарабынан жасалма маалыматтарды киргизүү тобокелдиктерин жоюу максатында маалыматтык системаларды өркүндөтүү маселесин кароо | 2023-жылдын 1-кварталы | СӨМ |
13 | Негизделген эсептерди берүү боюнча талаптагыдай контролдун жоктугу үчүн мамлекеттик органдардын жеке жоопкерчилигин кароо, бул 1,3 млн. сомго, ошондой эле 48,7 млн. сом суммасында эмгек акы боюнча ашыкча каржылоого алып келген | Сметалар боюнча 1,3 млн. сомго, ошондой эле 48,7 млн. сом суммасында эмгек акы боюнча чыгымдардын сметасы боюнча ашыкча бюджеттик ассигнованиелерге жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | КС (макулдашуу боюнча) ФЧМК, Финкөзөмөл, СИУИ |
14 | Орто окуу жайларын, колледждерди жана лицейлерди каржылоо ченемдеринин эки жылдан ашык убакыттан бери белгиленген тартипте иштелип чыкпагандыгы жана бекитилбегендиги үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин кароо, бул контракттык негизде окууга тапшырган окуучулардын окуусуна республикалык бюджеттин кошумча чыгымдарына алып келген | Орто окуу жайларын, колледждерди жана лицейлерди каржылоо ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү иштерин жүргүзбөгөн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо, бул контракттык негизде окууга тапшырган окуучулардын окуусуна республикалык бюджеттин кошумча чыгымдарына алып келген | 2022-жылдын 4-кварталы | БИМ, ССМ, ММСЖСМ |
15 | КР Министрлер Кабинети КР Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик органдардын жана бюджеттик мекемелердин штаттык санын ченемдик укуктук актыларга ылайык талдоо жана эмгек акы фондунун түзүлүшүнө контроль кылуу боюнча чараларды көрсүн | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санына талдоо жүргүзүү жана мамлекеттик органдар тарабынан штаттык бирдиктердин минималдуу ченемдеринин сакталышын контролдоо механизмин өркүндөтүү, ошондой эле кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамын жакшыртуу боюнча сунуштарды КР Президентинин Администрациясына киргизүү | 2023-жылдын 2-кварталы | ФМ |
16 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 "Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомун бузуу менен 3111 "Негизги фонддор" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине чыгымдарды каржылоону ачууга жол берген түзүмдүк бөлүмдөрдүн тиешелүү кызматкерлерине тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 "Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомун бузуу менен 3111 "Негизги фонддор" беренеси боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине чыгымдарды каржылоону ачууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ |
17 | КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону сактабагандыгы үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлерине чара көрүү | КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону сактабагандыгы үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ |
18 | Отчеттуулукту контролдобогондугу жана талдоо жүргүзбөгөндүгү үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын тиешелүү кызматкерлерине тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү, бул кирешелер боюнча жыйынды маалыматтарга салыштырмалуу кирешелер боюнча баштапкы реестрлердин суммасынын четтөөсүнө алып келген | Отчеттуулукту контролдоо жана талдоо жүргүзбөгөндүгү үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызмат адамдарына карата чараларды көрүү, бул кирешелер боюнча жыйынды маалыматтарга салыштырмалуу кирешелер боюнча баштапкы реестрлердин суммасынын четтөөсүнө алып келген | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ |
19 | Мамлекеттик органдарга республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу Инвестициялык долбоорлордун тизмегин даярдоо үчүн ырастоочу эсептер жана техникалык негиздемелер менен объекттердин толук тизмесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү тапшырылсын | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу Инвестициялык долбоорлордун тизмегин даярдоо үчүн ырастоочу эсептер жана техникалык негиздемелер менен объекттердин толук тизмесин КР Финансы министрлигине берүүнү камсыз кылсын | үзгүлтүксүз негизде | Министрликтер жана ведомстволор |
20 | Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен аяктай элек долбоорлору бар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына тапшыруу, бул объекттерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен милдеттүү түрдө аяктоо жана аларды эксплуатациялоого киргизүү боюнча кескин чараларды көрүү | Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен аяктай элек долбоорлору бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды аяктоо жана ишке эксплуатациялоого киргизүү боюнча иштерди жүргүзсүн | 2023-жылдын 3-кварталы | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
21 | Дем берүүчү гранттардын эсебинен объекттер боюнча аткарылган курулуш-монтаждоо жана оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин көлөмдөрүн жана наркын жогорулатуу суммаларын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дем берүүчү гранттардын эсебинен объекттер боюнча аткарылган курулуш-монтаждоо жана оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин көлөмдөрүн жана наркын жогорулатуу суммаларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзсүн | 2023-жылдын 3-кварталы | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
22 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 113-беренесине ылайык кирешелердин түшүү көлөмдөрүнөн бюджеттин чыгымдары убактылуу ашып кеткенде кассалык төлөмдөрдүн көлөмдөрүнүн кассалык чектөөлөрүн киргизүү тартиби жөнүндө ченемдик документтин долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте КР Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү | Кирешелердин түшүү көлөмдөрүнөн бюджеттин чыгымдары убактылуу ашып кеткенде кассалык төлөмдөрдүн көлөмдөрүнүн кассалык чектөөлөрүн киргизүү тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо маселесин кароо | 2023-жылдын 1-кварталы | ФМ |
23 | Бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду бербеген мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароо | Бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду өз убагында берүүнү камсыз кылбаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2022-жылдын 4-кварталы | АП, БИМ, "Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык ардагерлер кеңеши" КБ, Борбордук-Азиялык жерди прикладдык изилдөө институту, Мамтил боюнча улуттук комиссия, Мамкурулуш, Дин иштери боюнча мамкомиссия, Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы ММ |
24 | Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо методикасын иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте бекитүүнү камсыздоо | Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо методикасынын тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо маселесин кароо | 2023-жылдын 1-кварталы | ФМ |
25 | КР Финансы министрлиги КР Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 токтому менен бекитилген Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобого ылайык долбоордон кийинки мезгилде долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча чараларды көрсүн | Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобого ылайык долбоордон кийинки мезгилде мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ, ЭКМ |
26 | Контракттын атайын шарттарынын 26,2-пунктуна ылайык 602,3 миң АКШ доллары, 5468,2 миң евро жана 11941,5 миң сом суммасындагы шарттар аткарылбагандыгы үчүн "GЕ Нуdro France" (Франция) жана "GЕ Renewable" (Франция) консорциумунан айып пул санкцияларын эсептөө жана айып пул санкцияларын өндүрүү боюнча чараларды көрүү маселесин кароо | Контракттын атайын шарттарынын 26,2-пунктуна ылайык 602,3 миң АКШ доллары, 5468,2 миң евро жана 11941,5 миң сом суммасындагы шарттар аткарылбагандыгы үчүн "GЕ Нуdro France" (Франция) жана "GЕ Renewable" (Франция) консорциумунан айып пул санкцияларын эсептөө жана айып пул санкцияларын өндүрүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө иштерди жүргүзүү | 2023-жылдын 1-кварталы | "ЭС" ААК |
27 | Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун аткарууга кредиттик ресурстарды алган жана аларды натыйжалуу жана максаттуу багыттоону камсыз кылбаган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин кароо | Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун аткарууга кредиттик ресурстарды алган жана аларды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылбаган министрликтердин жана ведомстволордун тизмегин даярдоо жана КР Президентинин Администрациясына киргизүү | 2022-жылдын 4-кварталы | ФМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
КС | - | Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ЭЭИИИ | - | Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту |
Энергодолбоор | - | "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
СИУИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
АП | - | Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы |
Мамтил боюнча улуттук комиссия | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
Дин иштери боюнча мамкомиссия | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
"ЭС" ААК | - | "Электр станциялары" ААК |