Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 8-декабры № 719-VII
"Кумтөр Голд Компани" ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Н.А.Нарматова - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
А.К.Малиев - "Элдик" депутаттык тобунан;
К.Л.Ханджеза - "Мекенчил" депутаттык тобунан.".
2. 2-пунктта "2022-жылдын 28-декабрына чейин" деген сөздөр "2023-жылдын 28-мартына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Т. Шакиев |