Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 28-сентябры № 494-VII
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-октябрындагы № 527-VII, 2022-жылдын 8-декабрындагы №719-VII токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Н.А.Нарматова - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
А.К.Малиев - "Элдик" депутаттык тобунан;
К.Л.Ханджеза - "Мекенчил" депутаттык тобунан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-декабрындагы № 719-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия 2023-жылдын 28-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзгөн иштеринин натыйжалары тууралуу маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-декабрындагы № 719-VII токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
|
Т.Т.Мамытов |