Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 1-декабры № 682-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 655-VII токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык орун жайы менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 552-VII токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Убактылуу комиссиясы жөнүндө жобого жана убактылуу комиссиянын 2022-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышынын № 1 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожокулова Гуля Акматкуловна убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - Ашимова Динара Ашимовна, Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич төраганын орун басарлары болуп шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Н.О.Сыдыгалиев |