Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 28-декабры № 795-VII
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө маалыматты угуп, иш жүзүндө токтом боюнча иштер аткарылган эмес (маалымат берүү мөөнөтү 2022-жылдын 30-сентябрына чейин белгиленген) деп белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, аталган маселени чечүү компетенциясына кирген министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин курамында комиссия түзүүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин 2022-жылдын 18-августундагы № 125 буйругу менен министрликтердин жана ведомстволордун адистеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору киргизилген, ага ылайык көрсөтүлгөн зоналардагы Калктуу конуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жогоруда баяндалгандардын негизинде токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII токтому аткарылбагандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин курамында түзүлсүн;
2) ведомстволор аралык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары киргизилсин:
Н.А.Нарматова - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.А.Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ы.Ы.Атажанов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан;
3) Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин бекитүү боюнча ишти тездетсин жана 2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук саясат боюнча комитетине, Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Н.А.Азыгалиев |