Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-декабры № 683-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекованы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Султанбекова Чолпон Аалыевна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацындагы "Алиев Медербек Кубанычевич - "Ишеним" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр "Султанбекова Чолпон Аалыевна - "Ишеним" парламенттик фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Депутат Султанбекова Чолпон Аалыевна Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын.
5. Депутат Султанбекова Чолпон Аалыевна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
6. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Султанбекова Чолпон Аалыевна - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;";
2) 2-пунктчанын он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |