Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-декабры № 821-VII
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдѳ бузулушу тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү жѳнүндѳ
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 960-VII токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы № 27 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдѳ бузулушу тууралуу убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) тѳмѳнкү курамда түзүлсүн:
Г.А. Кожокулова – «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан;
Ч.И. Ажибаев – «Элдик» депутаттык тобунан;
А.Ж. Осмонов – «Мекенчил» депутаттык тобунан;
Д.А. Ашимова – «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан;
Ш.К. Атазов – «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Ч.А. Айдарбеков – «Альянс» парламенттик фракциясынан.
Э.К.Кокулов - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 960-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине кѳмѳк кѳрсѳтсүн.
3. Комиссия зарылчылык болгондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу.
4. Комиссия жүргүзүлгѳн иштердин жыйынтыктары жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч айлык мѳѳнѳттѳ маалымдасын.
Төрага |
Н.Т. Шакиев |