Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 9-февралы № 960-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдѳ бузулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Э.Р. Джусупов – “Ишеним” парламенттик фракциясынан;”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“Э.К. Кокулов – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан.”.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдѳ бузулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 906-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожокулова Гуля Акматкуловна – убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Осмонов Айбек Жапарович, Айдарбеков Чингиз Азаматович төраганын орун басарлары болуп шайлансын.”.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
Дж.К. Исаева |