Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-февралы № 974-VII
Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С.Джаныбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С.Джаныбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин кабыл алууну тездетсин жана анда бекитилген иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылсын;
- 2023-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн жер-жерлерде штаб түзсүн;
- республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрдү зарыл болгон көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана сапаттуу үрөндөр, керектүү жабдуулар, тетиктер, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- алыскы, айрыкча климаттык шарттары оор региондорго өзгөчө көңүл бөлсүн;
- жазгы талаа жумуштарына пайдаланылуучу айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөөнү жана даярдоону тездетсин;
- чарбалар аралык жана ички чарбалык сугат тармактарын вегетациялык мезгилге карата өз убагында даярдоону камсыз кылсын;
- республиканын ирригациялык тутумдарын учурдагы жана капиталдык оңдоп-түзөөгө багытталган бюджеттик каражаттардын 80 пайызына чейинкисин 2023-жылдын 1-кварталында каржылоону камсыз кылсын;
- "Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоорун ишке киргизүүнү тездетсин жана кредиттик портфелдин көлөмүн көбөйтүү, пайыздык ченди төмөндөтүү жөнүндөгү маселелерди карасын;
- агротехникалык талаптарды сактоо менен жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүү максатында тиешелүү банктар айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2023-жылдын февраль-апрель айларында жеңилдетилген насыя берүүнү камсыз кылсын;
- республиканын бардык областтарында жазгы талаа жумуштарына карага даярдыктын жүрүшү жөнүндө республиканын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен селектордук кеңешмелерди дайыма өткөрүп турсун;
- аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-июнуна чейин маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомунун 3-тиркемесин күчүн жоготту деп таануу сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Т. Шакиев |