Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 600
Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 41, 2023-жылдын 3-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 41, 2023-жылдын 3-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алганда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга 100000 тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарды экспорттоого квоталардын экспорттук көлөмдөрүн бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелеринде белгиленген тартипте экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу бар буудай унун өндүрүүчүлөр болуп саналган тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмун жана Евразия экономикалык комиссиясын ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | Буудай жана меслин | 1001 |
2 | Күн карама уругу | 1206 00 990 0 |