Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабры № 770-VII
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2023-жылдын 16-июнуна чейин узартылсын.
2. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктта "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2023-жылдын 16-июнуна чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Төрагасынын орун басары | Н.А. Азыгалиев |