Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 341-VII
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 508-VII, 2022-жылдын 21-декабрындагы № 770-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө максатында, "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Ынтымак" парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
А.Ж.Осмонов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Ч.И.Ажибаев - "Элдик" депутаттык тобунан;
Р.Ш.Жакышов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Исатбек кызы Аида - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.Т.Эрбаев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ш.К.Атазов - № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 508-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия 2023-жылдын 16-июнуна чейин жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 770-VII токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага |
| Т.Мамытов |