Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 1-марты № 999-VII
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 662 токтому менен жактырылган 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы бекитилсин (тиркелет).
2. "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги" деп аталган 1-тиркеменин 37-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) "Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги" деген 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
"
38 | "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКнын 100% үлүшү |
".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин пикирин эске алуу менен "Бешинчи канал" ЖАК өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
- жогоруда аталган программанын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин аны аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |