Загрузка документа…
| Тиркеме Долбоор (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомуна ылайык) |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 263, 2025-жылдын 6-августундагы № 476 , 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 587, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү мамлекеттик саясатынын максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан 2021-жылдын 5-майында Кыргызстандын элине кайрылуусунда айтылган милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо экономикалык өнүгүүнүн беш негизги багытынын бири болуп белгиленген, бул болсо түпкү максаты өнүккөн рыноктук инфраструктурасын түзүү болуп саналган башка милдеттер менен комплексте экономикада мамлекеттин катышуусун кыскартуу боюнча иш-чараларды тездетүү зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрүп турат.
Экономикага мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштыруу жеке менчиктин кол тийбестик институттары менен катар инвестицияларды коргоо, өнүккөн атаандаштык жана өлкөнүн эл аралык соода жүргүзүүгө интеграциясы экономикалык өнүгүүнүн зарыл шарттары болуп саналат.
Ошондуктан экономиканын мамлекеттик секторун, анын ичинде мамлекеттик активдерди менчиктештирүүнүн эсебинен оптималдаштыруу рынокту жөнгө салууну болтурбоо жана активдерди кыйла натыйжалуу менчик ээлерине жана башкаруучуларга берүү боюнча чара катары каралууга тийиш.
Коммерциялык ишке мамлекеттин катышуусу экономикалык жактан конкреттүү тармакта мамлекеттик саясаттын тиешелүү артыкчылыктары менен акталууга тийиш.
2. Ушуга байланыштуу алдыдагы мезгилде 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатында мамлекеттик саясат төмөнкү учурларда мамлекеттин катышуусун сактоого багытталат:
1) товарлар (жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда атаандаштык жок, же болбосо жетишсиз өнүккөндө;
2) стратегиялык маанидеги товарларды өндүрүү (жумуштарды/кызматтарды аткаруу/көрсөтүү), аларды жеке секторго аутсорсинге берүү улуттук коопсуздук, коргонуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, укук тартибин, айлана-чөйрөнү коргоо жагынан алганда максатка ылайыктуу эмес болгондо;
3) товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик түз заказдарды аткаруу, эгерде мындай мамлекеттик заказдарды жеке сектордо аткаруу кыйла жогору чыгымдар менен коштолсо;
4) республикалык бюджеттен субсидияланган, жалпы республикалык маанидеги социалдык багытталган, рентабелдүү эмес долбоорлорду ишке ашырууда.
2-глава. Менчиктештирилүүгө тийиш мамлекеттик менчик объекттердин тизмеси
3. Объекттин жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле келечекте андан ары өнүгүүсүн жана рыноктун конъюнктурасын эске алуу менен анын финансылык-экономикалык абалын талдоонун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен менчиктештирүү методу жана так мөөнөттөрү аныкталат.
4. Ушул Программага ылайык мамлекеттик менчиктин 18 объектисин менчиктештирүү жүзөгө ашырылат, алардын ичинде:
1) менчиктештирүүгө тийиш 11 мамлекеттик пакети/мамлекеттин үлүштөрү ушул Программанын 1-тиркемесинде берилди;
2) чарбакер коомго кайра уюштурулууга тийиш 1 мамлекеттик ишкана ушул Программанын 2-тиркемесинде берилген.
3) менчиктештирилүүгө тийиш 6 мүлктүк комплекс жана башка мамлекеттик мүлктөр ушул Программанын 3-тиркемесинде берилген.
3-глава. Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо
5. Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте баалоочу уюмдар тартылат, алар баалоо иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзгөн иштеринин аныктыгына жана негиздүүлүгүнө жоопкерчилик тартат.
4-глава. Келишимдин шарттарын сатып алуучунун аткаруусун контролдоо
6. Менчиктештирүүдө маанилүү звено болуп түзүлгөн бүтүмдөрдүн шарттарын жаңы менчик ээсинин толук аткаруусун көзөмөлдөө саналат. Бул максатта сатуучу тараптан андан ары контролдоо менен конкурс боюнча менчиктештирилүүчү объекттерди сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүүдө талаптар сакталат.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча менчиктештирүү объектисин сатып алуу-сатууга түзүлгөн келишимде милдеттүү тартипте сатып алуучунун сан түрүндө чагылдырылган милдеттенмелери жана аларды аткаруунун так мөөнөттөрү каралат. Сатып алуу-сатуу келишими келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын сатып алуучунун ырастоо тартибин, алардын аткарбоонун, же болбосо талаптагыдай эмес аткаруунун кесепетин аныктайт.
Сатып алуучу сатып алуу-сатуу келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаганда сатуучу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте сатып алуу-сатуу келишимин бузууну, келтирилген зыяндын жана түшпөй калган пайданын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимине тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүү киргизсе болот. Мында өзгөртүүлөр сатып алуучу алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы; сатып алуу-сатуу келишими менен аныкталган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн кыскарышы; мүлктүн сатуу баасын азайтуу үчүн сатып алуучунун жоопкерчилигинин солгундашын караштырбайт.
Сатып алуу-сатуу келишимдеринин шарттарынын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча текшерүү акты түзүлөт. Менчиктештирүү объектин сатып алуучу сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуу-сатуу келишиминде эскертилген көлөмдө жана мөөнөттө маалыматты берүүгө милдеттүү болот.
5-глава. Корутунду жоболор
7. Ушул Программаны колдонуунун узак мөөнөттүү мүнөзүнө байланыштуу зарылдыгына жараша ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8. Менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
|
| 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына 1-тиркеме |
Менчиктештирүүгө тийиш мамлекеттик акциялар пакеттеринин жана мамлекеттик үлүштөрдүн ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы N 263, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 587, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Объекттин аталышы | Уставдык капитал (миң сом) | Мамлекеттин үлүшү (%) | Менчиктештирилүүгө тийиш мамлекеттик үлүш (%) |
|
1. Бишкек шаары |
| ||||
1 | "Альфа Телеком" ЖАК | 170000 | 100,0 | 100,0 |
|
2 | "Кыргыз инвестициялык кредит банкы" ЖАК | 17500,0 (миң АКШ доллары) | 10,0 | 10,0 |
|
3 | "Бешинчи канал" ЖАК | 423,825 | 100 | 100,0 |
|
4 | "Кепилдик фонду" ААК | 6632000 | 8,78 | 8,78 |
|
5 | "Керемет Банк" ААК | 8698746,4 | 0,74 | 0,74 |
|
6 | "Бакай Банк" ААК | 2771743 | 1,2612 | 1,2612 |
|
7 | "Медиа-холдинг Пирамида" ЖЧК | 298,438 | 100 | 100,0 |
|
8 | "Сарамжал-Транс" ЖЧК | 1,0 | 100,0 | 100,0 |
|
81 | "Таза Энержи" ЖЧК *"Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы" ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 1,0 | 100,0 | 100,0 |
|
82 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
83 | “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК *Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 882-т тескемесине ылайык “Кыргызалтын” ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 200100,0 | 100,0 | 100,0 | |
2. Чүй облусу |
| ||||
9 | "Кыргызское" ААК | 346,304 | 0,3856 | 0,3856 |
|
3. Ысык-Көл облусу |
| ||||
10 | "Каприз" ЖЧК | 490,0 | 28,34 | 28,34 |
|
11 | "СК Ресурс" ЖЧК | 1,0 | 70,00 | 70,00 |
|
|
| 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына 2-тиркеме |
Чарбалык коомдорго кайра уюштурууга тийиш мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы N 263, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Мамлекеттик ишкананын аталышы | Ведомстволук тиешелүүлүгү |
|
1 | "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
|
2 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Финансы караштуу кызматы |
|
3 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Ала- Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
|
| 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына 3-тиркеме |
Менчиктештирилүүгө тийиш мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктүн ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 263, 2025-жылдын 6-августундагы № 476, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Объекттин аталышы жана анын жайгашкан орду | Ведомстволук тиешелүүлүгү, жооптуу сактоочу, баланс кармоочу | Эскертүү |
|
1. Бишкек шаары |
| |||
1 | Мурунку чакан терминал перрону жана жер участогу менен | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 301-т тескемесин аткаруу үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын уставдык капиталында мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн |
|
2 | "Ак Кеме" МКнын мүлк комплекси | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы | Аталган объект "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын уставдык капиталына салым катары берилет |
|
3 | Навигациялык жабдуулар жана атайын техникалар | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 301-т тескемесин аткаруу үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын уставдык капиталында мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн |
|
4 | Мурунку "Манас" ЖАКтын административдик имараты, жалпы аянты 2840,3 кв.м, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 14 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
|
|
41 | Бишкек шаары, Осмонкулов көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу имараты менен жер участогу, идентификациялык коду 1-03-05-0038-0043 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 262-т тескемесин аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын уставдык капиталында мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн |
|
42 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
2. Чүй облусу |
| |||
5 | Кара-Балта шаары, Толятти көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан административдик имарат жана мурдагы килем комбинатынын ашканасы тиешелүү жер участогу менен | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы |
|
|
3. Жалал-Абад шаары |
| |||
6 | Жалал-Абад облусунун Улуттук коопсуздук кызматы башкармалыгынын Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү, 51 дареги боюнча жайгашкан имараттары жана курулуштары | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
|
|
4. Ысык-Көл облусу |
| |||
7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплекси | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21 -февралындагы № 98-т тескемесин аткаруу үчүн бул объект ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизилет |
|