Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-апрели № 1103-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
"Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага |
Н.Т. Шакиев |