Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 893-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VI токтому менен түзүлгөн "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 552-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө жобого жана убактылуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 20-январындагы жыйналышынын № 2 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Малиев Арсланбек Касымакунович убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
2. Комиссиянын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана көз карандысыз эксперттерге бир айлык эмгек акы төлөө маселелерин кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына сунушталсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынынъ Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А.Азыгалиев |