Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-январы № 905-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-июнуна чейин узартылсын.
2. "Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункттагы "2023-жылдын 1-февралына чейин" деген сөздөр "2023-жылдын 1-июнуна чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А.Азыгалиев |