Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-апрели № 176-VII
Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 611-VII, 2023-жылдын 26-январындагы № 905-VII, 2023-жылдын 22-февралындагы № 992-VII, 2023-жылдын 29-июну №1401-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 381-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн, Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтому
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" жана "Альянс" парламенттик фракцияларынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынан турган убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 611-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Козуев А.А. - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Алиев М.К. - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Исатбек кызы А. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Исираилов А.А. - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Масалиев И.А. - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Раимбачаева В.К. - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Икрамов Т.И. - "Элдик" депутаттык тобунан;
Бакасов У.Б. - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Абиров Ж.Б. - № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан;
Сурабалдиева Э.Ж. - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунан;
Бекешев Д.Д. - № 28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округунан;
Атазов Ш.К. - № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 611-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исиралиев Азамат Алмазбекович убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 992-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2-2. Бишкек шаарында пайдаланууга берилген жана курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугу маселесин иликтеп чыгуу убактылуу депутаттык комиссияга тапшырылсын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 992-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2-3. Убактылуу депутаттык комиссия зарыл болгон учурда өз ишине мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана башка эксперттерди тартууга укуктуу.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 992-VII токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-октябрына чейин өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 611-VII, 2023-жылдын 26-январындагы № 905-VII, 2023-жылдын 29-июну №1401-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Т.Мамытов |