Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-февралы № 992-VII
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 - 2-3-пункттар менен толукталсын:
"2-1. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исиралиев Азамат Алмазбекович убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
2-2. Бишкек шаарында пайдаланууга берилген жана курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугу маселесин иликтеп чыгуу убактылуу депутаттык комиссияга тапшырылсын.
2-3. Убактылуу депутаттык комиссия зарыл болгон учурда өз ишине мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана башка эксперттерди тартууга укуктуу.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |