Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 2-ноябры № 611-VII
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункттагы "11 депутатынан" деген сөздөр "12 депутатынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Бакасов У.Б. - "Мекенчил" депутаттык тобунан;".
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-февралына чейин өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А.Азыгалиев |