Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 8-июну № 1240-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Республикада ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы көйгөйү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында, Борду дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө «Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде, Сары-Чат дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө «Король Абдулазиз» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө;
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |