Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-июну № 1280-VII
Мыйзамсыз соттолгондорго, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга карата соттордун жана прокуратура органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 552-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө жобого жана мыйзамсыз соттолгондорго, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга карата соттордун жана прокуратура органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 14-июнундагы жыйналышынын № 1 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек – убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Малиев Арсланбек Касымакунович төраганын орун басары болуп шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |