Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-июну № 1293-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтык маалыматын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматы эске алынсын жана Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат иретинде жөнөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
- 1992-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамсыз саткан кесиптик бирлик төрагаларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын мыйзамсыз сатылган мүлктөрүн мамлекетке кайра кайтаруу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын мүлктөрүн мыйзамсыз сатууга ар кандай жол менен көмөк көрсөткөн прокуратура органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карасын;
-аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары сентябрь айында Кыргыз Республикасынын “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш даярдасын.
4. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
-Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясына караштуу обьекттердин өз функционалдык багытында толук кандуу, натыйжалуу иштөөсүнө тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан дайыма контроль жүргүзсүн;
-иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында кесиптик бирликтин бардык түзүмдөрүндө тезинен санариптештирүү боюнча иш-чараларын жана олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүүнү колго алсын;
- кесиптик бирлик комитеттерин, кеңештерин ирилештирип, санын кыскартуу жолу менен, кандайдыр-бир саясий иш-аракеттерден сыртта болгон, биринчи кезекте эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз милдеттерин так аткарган эффективдүү жаңы кесиптик бирликтер түзүмүн түзүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясы:
-Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын республикалык, борбордук тармактык комитеттеринин, областтык комитеттеринин Уставдарына керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш даярдасын;
-кесиптик бирликтердин ижарага берилген мүлктөрү жөнүндө келишимдерди кайрадан инвентаризациядан өткөрүп, ыңгайлуу шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга ижарага берүү жагы каралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |